"Фрау Геноцид". Европарламенттин депутаты фон дер Ляйенге жаңы "ысым" ыйгарды

© AFP / JOHN THYSЕврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Ирландиядан шайланган эл өкүлү Газадагы ырайымсыз согушка, геноцидге алып келген ЕК жетекчисинин ишмердүүлүгүнө оюн билдирди.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Газа тилкесинде чатак отун жакканы үчүн жоопкерчилик алат. Бул туурасында Европарламенттин Ирландиядан шайланган депутаты Клэр Дейли айткандыгын РИА Новости жазды.
"О, кудай "демократиянын мындай коргоочулары" (фон дер Ляйен. — ред.) менен... "Жок, рахмат, фрау Геноцид" деп айтсам, Европанын көп жарандарынын пикирин билдирген болом деп ойлойм", — деген Дейли.
Депутаттын айтымында, бул Газа тилкесинде ырайымсыз согушка жана геноцидге алып келген ЕК жетекчисинин ишмердүүлүгүнө берилген комментарий.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кетти. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны соңку маалыматтарда 20,4 миң кишиге жеткени, 54 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алганы
Ал эми жергиликтүү бийликтин билдиришинче, Израилден 1,2 миң киши көз жумган, 5 миң киши жарадар болгон.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Газа тилкесинде жабыркагандарды ооруканага алып кетип жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Палестина элчиси: АКШ Газадагы кылмыштарды Израиль менен кошо жасап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0