Палестина элчиси: АКШ Газадагы кылмыштарды Израиль менен кошо жасап жатат

© AP Photo / Hatem MoussaГаза тилкесинде жабыркагандарды ооруканага алып кетип жатышат
Газа тилкесинде жабыркагандарды ооруканага алып кетип жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Газа тилкесинде израилдиктердин соккусунан көз жумгандардын саны 20 миң адамга жетти.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Газадагы кылмыштарды Израиль менен кошо жасап жатат. Мындай билдирүүнү Палестинанын Венадагы элчиси Салах Абдель Шафи жасаганын РИА Новости кабарлады.
"Тилекке каршы, америкалыктардын Израилди жактаган позициясы абдан күчтүү. Биз үчүн америкалыктар кошо катышкандар болуп эсептелет", — деген дипломат.
Ал БУУнун Газада ар бир алтынчы мүнөттө бирден бала өлүп турат деген маалыматын келтирди.
"Көптөр бул сандар көбөйтүлүп, ашыра айтылган деп санашат. Жок, алар кадимки кырдаалдан кем айтылган сандар. Себеби миңдеген киши урандылардын алдында жатат. Ошентип, АКШ Израилди колдойм деп бул кылмышка кошо катышты", — деген Салах Абдель Шафи.
Дипломат Газа менен сыймыктанып келгенин жана четте карап тура албастыгын, өзүнүн милдетин кесипкөйлүк менен аткарууну улантарын билдирген.
"Газада менин үй-бүлөмдүн кээ бир мүчөлөрү калды. Эки жума мурда ал жакта эки ата өткөн иним каза тапты. Газада башка туугандарым үйүн таштап түштүктү көздөй жылды. Алар азыр өлбөстүн күнүн көрүп жашап жатат", — деген элчи.
Америкалыктар кааласа Израилди токтотуп коет деп эсептээрин айткан.
"Эгерде америкалыктар израилдиктерди токтотууну кааласа, аны деле жасай алышат. Бирок мунун ордуна АКШ аларга колдоо көрсөтүүдө", — деген дипломат.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кетти. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны соңку маалыматтарда 20 миң кишиге жеткени, 52,5 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин билдиришинче, Израилден 1,2 миң киши көз жумган, 5 миң киши жарадар болгон.
ХАМАС башында Газа тилкесинде 200-250 туткун бар экенин маалымдаган. Израиль бийлиги менен элдешүү мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын колунда израилдик 126, чет элдик 11 киши калганын, уурдалган 110 адам бошотулганын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү аба соккусунан кийин адамдар жарадар болгон кызды эвакуациялоодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Газаны бомбалаган Израиль 20 миң адамдын өмүрүн алды. Анклавдагы азап
Жаңылыктар түрмөгү
0