Эмне үчүн туура абалда уктоо зарыл. Адистин түшүндүрмөсү

© Фото / Unsplash / Isabella FischerВлияние сна на здоровье человека
Влияние сна на здоровье человека  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Жазылуу
Реабилитолог адам уктап турганда организм кайра калыбына келерин, бирок туура эмес абалда жатса эс албай каларын айтты.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Адамдын организми уктап жатканда гана кайра калыбына келет. Бирок ошол учурда туура эмес жатып алган болсо, анда организм эс албайт, тескерисинче, ага күч келет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна курган маегинде реабилитолог Владимир Бондаренко түшүндүрүп берди.
Адистин айтымында, телевизор көрүп жатып уктап калган абал адамдын организмине баарынан көп зыян алып келет.
"Мындайда адамдын башы бийик болуп, бел ийилип калат. Диванда болобу, керебетте болобу, башта бийик жаздык болсо кан айланууга тоскоолдук жаралып, дем алуу кыйындайт. Мындай абалда уктап турган адамдын көкүрөк тарабы, кабыргалары ооруп калат. Моюн, омурткага да күч келет. Бел ооруйт, себеби ал органдар такыр эле эс албай калган болот", – деди дарыгер.
Денеге зыяндуу абалдын дагы бири – адам башын артка көздөй ылдый кылып алышы.
"Кээде жаздык ыңгайсыз, жылып кете бере турган болушу мүмкүн. Мындайда адамдын башы чалкалап калгандай болуп уктайт. Ошондо дем алуу кыйындап коңурук тартышы ыктымал, мурун, тамак аркылуу абанын өтүшүнө тоскоолдук жаралат. Мындайда жүрөк-кан тамыр системалары дээрлик калыбына келбейт. Уйку учурунда жүрөктүн ритми демейдеги – 70-78ден 50-60 жолку согууга түшөт. Тактап айтканда, туура эмес жатып алганда жүрөктүн согушу күндүзгү, адам ойгоо жүргөндөгүдөй, ал тургай андан да тез иштейт", – деп түшүндүргөн адис.
Уйкусуздук учурундагы кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Психотерапевт: уйкусуздук аялдардын гормоналдык циклин бузат
Жаңылыктар түрмөгү
0