Путин Палестина президенти Аббас менен палестин-израиль чырын талкуулады

© Sputnik / Вячеслав Прокофьев / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин Палестина президенти Махмуд Аббас менен жолугушуу учурунда. Архив
Россия лидери Владимир Путин Палестина президенти Махмуд Аббас менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Россия Махмуд Аббас башында турган өлкө жетекчилигинин аракетине колдоо көрсөтөрү айтылды.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Палестина президенти Махмуд Аббас менен телефон аркылуу байланышып, палестиндер менен израилдиктердин жаңжалын талкуулады. Бул тууралуу Кремль кабарлады.
"Тараптар Палестин-Израиль чырынын күчөшүнө, биринчи кезекте Газа секторундагы абалга байланышкан маселелерди талкуулашты. Путин Россия Газага дары-дармек жана медициналык жабдуу каралган жардамды үзгүлтүккө учуратпай турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, РФ лидери кырдаалдан чыгуу боюнча көрүлүп жаткан Россиянын аракеттери туралуу айтып берген. Муну менен бирге тараптар кан төгүүнү токтотуу зарылдыгын жана 1967-жылы макулдашылган чек арасы Палестина мамлекетин түзүү каралган, жалпы таанылган эл аралык укуктук негизде абалды жөнгө салуу боюнча саясий процессти баштоонун маанилүүлүгү белгилешти.
Россия Махмуд Аббас башында турган өлкө жетекчилигинин аракетине колдоо көрсөтөрү айтылды.
Газа тилкесинде жабыркагандарды ооруканага алып кетип жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Палестина элчиси: АКШ Газадагы кылмыштарды Израиль менен кошо жасап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0