"Кино тартып жүргөнүм түшүмө кирет". Кинооператор Мусаевдин видеомаеги

Жазылуу
Эксклюзив
КР эл артисти Манасбек Мусаев ондон ашык мыкты тасманы камерага түшүрүп, көптөгөн кинорежиссёрлор менен иштешкен. Sputnik Кыргызстан агенттиги 81 жаштагы кинооператордон маек алды.
Ата мекендик кинематографиянын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон Манасбек Мусаев эмгек жолун "Кыргызфильмде" оператордун жардамчысы болуп баштап, эки жылдан кийин Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна окуганы кеткен. СССРдин борборунда операторлук кесипке ээ болгон соң Фрунзедеги режиссёрлор менен кызматташа баштаган. Ал эмгек жолунда Болот Шамшиев, Альгимантас Видугирис, Юрий Борецский, Геннадий Базаров, Бакыт Карагулов, Марат Сарулу, Жали Соданбек, Артык Сүйүндүков менен иштешип, "Ак кеме", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Бөрү зындан", "Жалаң эркектер", "Процесс", "Адамдар арасында" өңдүү мыкты тасмаларды тарткан.
КР эл артисти көп жыл бирге иштешкен СССРдин эл артисти, атактуу кинорежиссёр Болот Шамшиевди эскерди.

"Мен Москвадан окууну бүтүп келип эле Болот Шамшиев менен иштешип калдым, кийин экөөбүз көп тасмаларды чогуу тарттык. Талапты катуу койгон, өтө эмгекчил адам болчу. Айрымдар "Болоттун мүнөзү катуу" деп айтып калышчу. Мен "кинодо тартип болбосо болбойт. Антпесе баары жайылып кетет" деп айтар элем. Биздин "Бөрү зындан" көп адам көргөн тасмалардын сап башына чыгып СССРде рекорд жараткан. Андай ийгиликти азыркыга чейин эч ким жарата элек. Кино — бул турмуш, өмүр. Биз өмүр бою кинематографияда жүрүп өмүрүбүздү өзүбүз тарткан кинофильмдер менен эсептечүбүз. Айлап съемкада жүрүп үйдү, бала-бакыраны көпкө чейин көрбөй калчубуз", — деди Мусаев.

СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты кесиптештери жөнүндө буларды айтты.
"Кыргыздын алгачкы профессионал, атайын жогорку окуу жайды бүтүрүп келген кинооператор Марлес Туратбеков болгон. Ал 50-жылдардын соңунда Фрунзеге келип бир топ көркөм кинофильмдерди тартты. Экинчи кесипкөй оператор Кадыржан Кыдыралиев. Кадыржан элге таанылган көп кинокартинаны камерага түшүрдү. Төлөмүш Океев экөө тарткан "Бакайдын жайыты" эле эмне деген шедевр. Анан кыргыздын мыкты чыгаан кинооператорлорунун катарына Нуртай Борбиевди кошпой кетсек болбойт. Ал атайын билими жок элек киного аралашып, өз күчү, мүнөзү менен чоң чеберчиликке жетти. Борбиев тарткан "Ак илбирстин тукуму" тасмасында кандай укмуш кадрлар бар", — деди кинооператор.
Азыр 81 жаштагы профессор Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде жаштарга сабак берип келет.
Тема боюнча:
Кино — татаал турмуш. 40 жыл кинооператор болгон Абдыкулов менен видеомаек
Далай булактын көзүн ачкан. Улуу устат Улукмырза Полотовдун видеомаеги
Кудай колдогон "сары чымчык". Эл артисти Дарика Жалгасынованын видеомаеги
Жетимчилик жана аалам кезген атак. Сахна жылдызы Кайыргүл Сартбаева менен видеомаек
Жаңылыктар түрмөгү
0