Бишкекте актёр Азиз Мурадилаевди эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАктер Азиз Мурадилаев. Архивдик сүрөт
Актер Азиз Мурадилаев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте КР эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театры билдирди.
Эскерүү кечеси 17-декабрь күнү саат 16:00дө театрда башталары айтылды.
Эске салсак, белгилүү актёр туура бир жыл мурда 17-декабрда 44 жашында көз жумган. Ал боор циррозунан жабыркаган. Боорун алмаштырууга 45 миң доллар керектелип, акчанын көп бөлүгүн мамлекет башчы Садыр Жапаров бөлүп берген. Операцияны чет өлкөдөн жасоо пландалып жаткан. Мурадилаевдин артында улгайган энеси, жубайы жана эки уулу калды.
Мурадилаев кыргыз киносу жана театрында көптөгөн ролдорду жаратып, өзгөчө Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын ролу менен эсте калган.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Айтматовду эскерүү. Апасынын керээзи, союлбай калган уй, тезекке бышкан сүт
Жаңылыктар түрмөгү
0