Айтматовду эскерүү. Апасынын керээзи, союлбай калган уй, тезекке бышкан сүт

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
Дүйнөнү калеми менен багындырган Чыңгыз Айтматовдун даанышмандыгын, зиректигин, улуулугун, залкарлыгын жазып, айтып учу-кыйырына жетпей келебиз. Айтматов ааламы терең, философияга бай, ар тараптуу.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Кыргыз эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязов болду. Биз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай жазуучунун эл билбеген окуяларын жазып, эскерүүнү туура көрдүк.

Айтматов уй сойдурбай...

Бир ирет "Кино үйүндө" чоң иш-чарага мал соймок болуп калышат. Уй сойгонго Айтматов каршы чыгып, акыры эки кой союп, иш-чараны жакшы жыйынтыкташат.
...Айтматов москвичтин алдында отуруп жол катар унчукпай ойлонуп кете берчү экен. Бир күнү айдоочуну карап "Талас, өткөндө уй сойдурбай койгонумдун себебин айтайын. Согуш мезгилинде жокчулукту жакшы эле көрдүк. 14-15 жашар кезим. Бир чөйчөк сүт табылса апабыз колдо бар дан менен көжө жасап берчү. Ал шылдыр сууга жасалган көжөдөн укмуш айырмаланып, тимеле даамы таңдайдан кетпейт. Азыр да жегим келет. Бизди ошондо уй бакты. Согуш учурунда канчалаган адамды ушул жаныбар аман алып калды. Бир жолу үйгө келсем тууй турган уюбузду урдап кетишиптир. Апам эмне кыларын билбей, бөбөктөрүм ыйлап, мен да абдан ызаландым. Анткени "уй тууса курсагыбыз тоёт" деп күтүп жатканбыз. Айылдагы мергенчи акеден "кыргоол атам" деп мылтыгын сурап, уурулардын үйүн көздөй жөнөдүм. Айылда ушул үчөө элдин малын уурдап, Казакстанды көздөй сатып жатканын күбүр-шыбыр кеп кылып калышчу. Үчөөнү үч жерге сулата атып салууну ойлоп көзүмдөн жашым чубуруп баратам, колумда мылтык. Суудан өтө бергенде аппак сакалчан абышка туруптур. "Ай, балам, кайда ырайың бузулуп, тынччылыкпы?" деди эле, ага баарын айтып бердим. Ошондо карыя: "ээ айланайын, кой, сен аларды атып салганда апаңдын, бир туугандарыңдын күнү эмне болот. Азабына азап кошосуң, сол колдун ачуусун оң кол менен бас. Бир уюң кийин миң уй болот, көрөсүң" деп жоошутуп узатты. Кайра бурулуп келе жатып артымды карасам эч ким жок. Ошондо үчөөнү атып салсам, эмне болмок? Атамдын артынан мени дагы камап, тагдырым талкаланмак экен. Мына эми ошол аксакал айткандай миң уй болбодубу. Индияга барганда көчөлөрүн булгап жүрсө да уйга тийбей сыйлашканын көрдүм. Бир барганда ушунун себебин чечмелеп келем" деген экен улуу жазуучу.
© Фото / из личного архива Розы АйтматовойЧыңгыз Төрөкул менен Нагима Айтматовдордун тун уулу болгон
Торокул и Нагима Айтматовы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Чыңгыз Төрөкул менен Нагима Айтматовдордун тун уулу болгон

Апасынын керээзин аткарып кийим өрттөгөн жазуучу...

Айтматов Бишкектин четиндеги "Ала-Арча" улуттук паркындагы карагайларды аралап чыккандагы көк жайыкта эс алчу экен. Анын жаратылыш койнунда суунун шарпылдаганын угуп, көк жайыкта сааттап ойлонуп отура бермей адаты болот. Ал жерге чет элдик сыйлуу меймандары менен барып баарлашкан учурларын айтышат.
Бир ирет айдоочусун чакырып, унаасына коробка менен бир мүшөк жүктөтүп алып "Ала-Арчага" барат. Таласка от жактырып, жанагы мүшөктү алдырып төксө, не бир сонун импорт бут кийимдер чыгат. Айтматов бирден отко салып акырындан өрттөй баштайт. Тимеле баягыларды көрүп көзүң күйөт дейт. Анан бир кызыл сонун ботинканы саларда Талас чыдабай кетип, "байке, ушуну мага эле бериңизчи?" десе, "жакында Японияга барам, ошол жактан сага жакшы бир бут кийим ала келейинчи" дейт да аны өрттөп салат. Андан кийинки коробканы төктүрсө ичинде укмуш чет элдик бренддеги баш кийимдер экен. Аларды да бирден өрттөйт. "Ошентип жанагы жердин баарын тазалап, таштандыларыбызды өзүбүз менен салып алып кайра келе жатабыз. Мен ботинканы бербей койгонуна жаман болуп калдым. Бир убакта кылтыйып калганымды байкаган жазуучу мени карап, "мен бүгүн апамдын керээзин аткардым. Апам баш кийимиңерди жана бут кийимиңерди сыйлап, таза кийип, бирөөгө бербегиле" дечү. Аны элес албай кийимдеримди ар кимге бердим. Бир акынга жаңы норка тумагымды берсем, зээнди кейитип ошол баш кийимим ар кайсы пиво ичкен жерлерде калып жүрбөдүбү. Не бир сонун бут кийимдеримди майрыйта басып, ылайды кечип жүргөнүн көрүп, энемдин керээзин аткарбай жүргөнүмдү билдим" деди Чыкем. Кийин Япониядан айдоочусуна айткандай эле оюндагыдай бут кийим алып келип белек кылат.
Чыңгыз Айтматов ошол кезде эле коррупция, ысырапкорчулук менен күрөштү баштаган экен. Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп турган кезинде Кино үйүнүн экранынын чекесин Европаныкындай баркыт менен каптатат. Бирок андан 6 метр өөнөп калган башкы бухгалтер менен күйөө баласы Таласты чакырып уяткарып, айлыгынан төлөткөн экен.
© Фото / Александр ФедоровАйтматов Бишкектин четиндеги "Ала-Арча" улуттук паркындагы карагайларды аралап чыккандагы көк жайыкта эс алчу
Писатель, герой Кыргызской Республики Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Айтматов Бишкектин четиндеги "Ала-Арча" улуттук паркындагы карагайларды аралап чыккандагы көк жайыкта эс алчу

Ат-Башынын райкомунун жоругуна боору эзилгиче күлгөнү

Саринжи Жумагазиев деген Ат-Башынын райкому болуптур. Ал киши бир ирет союздук республикалардын райкомдору менен Японияга барып калат. Башка райкомдордун баары эле "Баатыр" наамдары бар, жаштары да улуу болот. Коңшу мамлекеттен барган бир-эки жаш райком менен Жумагазиевге эле көңүл бурулбай чекеде калып калышат. Анан Япониянын бир шаарына барса мэри тилмеч аркылуу сөз сүйлөп жатып, жазуучу Чыңгыз Айтматовду даңазалап, "ошол кишини бир жолу көргөн же маектешкен адам барбы араңарда?" деп сурайт. Эч ким унчукпайт. Анан намыстанган, бир эсе ызаланып турган Жумагазиев чыдабай тура калып, Айтматов бир тууган агасы экенин, бир дасторкондо далай кобурашып отурарын айтып салат. Ичинен "кудай сакта, эми эмне болор экен" деп коркот. Ал кезде КГБ укмуш иштечү. Билинсе соттолуп кетемби деп чочулайт. Иш сапарга берилген кичине тыйындан эптеп өөнөп Чыңгыз Айтматовго калем сап сатып алат. Фрунзеге келер менен аэропорттон тоскон унааны шар эле Кино үйүнө айдатат. Барса жазуучу чет элдик сыйлуу меймандарды күтүп жатканын айтып катчысы орус аял киргизбейт. Айласы кетип, чет элден келген ошол мейман өзү экенин айтып, эптеп амал менен кирет. Босогодон аттаганда эле "ассалому алейкум, Чыңгыз байке" деген шайдоот, жапалдаш бойлуу сары кишини көргөн жазуучу "кыргызча амандашкан чет элдик кайсы мейман болду экен" деп күлүп алик алат. Болгон окуяны баштан-аяк уккан Айтматов "туура-туура, баарыбыз бир тууганбыз" деп креслосунда бүлкүлдөп аябай күлгөн экен. Жумагазиев Япониядан ала келген калем сабын белек кылып, Чыкем ага кол жазмасы менен эки китебин берген экен.
© Александр ФедоровАйтматов Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбековдун талантын баалай турган
Улыбка гения. Уникальные фото писателя Айтматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Айтматов Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбековдун талантын баалай турган

Тезекке бышкан сүттүн жыты

Бир ирет чет элден коноктор келип, улуу жазуучунун туулган айылын көргөнү Таласка да барышат. Манас күмбөзүндө куран окушуп, конок болушат. Мейманкана жок. Бардык конокторду Таластын активдеринин үйүнө бөлүштүрүп, Эстекем менен Айтматов жазуучунун таякесинин үйүндө жатып калат. Жатарда Эстебес Турсуналиевден эртең менен канчада турарын сураса, таң атпай ойгонорун айтып коёт. Анда Айтматов анда таң сүрүлүп жатканда ойготуп коюшун сурап уйкуга кетет. Бирок "кудай уруп уктап калсам эмне болот, кайдан эрте турам" дедим эле деп чочулаган Эстекең таң аткыча улам ойгонуп уктабай чыгат. Кудай жалгап таң сүрүлүп келе жатканда ойгонуп кетип "Чыке" деп тургузуп, экөө айылдын көчөлөрү менен Шекерди аралап басышат. Бир байкаганы, Айтматов айылдагы тирилик кылып жүргөн апалардын баарынын атын билет экен. Анан эле бир кезде токтоп, мурдун өйдө көтөрүп туруп калып, "Эстеке, бир жыт сезип жатасыңбы?" десе, берки киши да "куурдакпы?" дейт. Анда Айтматов "эси-дартыңдын баары эле тамак турбайбы" деп күлүп, "тезек менен бышырган сүттүн жыты келип жатат. Ушул жытты көптөн бери издедим эле. Бала чагымдагы жыт" дептир. Улуу жазуучунун жөнөкөйлүгүнө, сезимталдыгына баа берген Эстебес Турсуналиев уялып, кесиптештерине айтып күлүп калчу экен.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян

Келдибек Ниязовдун залкар жазуучуну алгач көрүшү...

Талас мурда өйдөкү-ылдыйкы зона деп гана бөлүнчү. "Россия" деген бай колхоз бар эле, башкармасы Токтогул Бабанов улуттук өнөрдү өтө сыйлаган киши болчу. Талас боюнча жалгыз эле ушул колхоздун мейманканасы бар. Шарты тим эле бейиш. Таласка барып, ошондо конуп калдык. Бир ирет концерттен кийин чарчап мейманканага келсек, Токтогул аке отурган экен. Бизди көрүп эле "ай, кубанычтуу кабар, Чыкем келиптир. Силердин келгениңерди айтсам, көптөн бери концерт көрө элегин айтып, убактысын бөлмөк болду" деди. Биз да сүйүнүп калдык. Ошентип Айтматов келип эл менен кол алышып учурашып, катарга отуруп, бир эсе каткырып күлүп, тим эле жарпы жазылып концерт көрдү. Аягында өзгөчө "Карагул ботомду" белгилеп, "Ашыке, өз оозуңуздан уга элек элем, бүгүн түшүнүп уктум, сизге кошулуп көзүмө жаш келди" деди. Анан эле Шаршенов экөөбүздү мактап калды. "Ревизор" деген интермедияны койгонбуз. Мени жактырып 50 жылдык юбилейин алып бармак болдум, программага интермедияны да коштурду. Анда Шаршенов "ой, Чыке, агынан карасы көп меймандар түшүнбөй калат го" десе, "түшүнбөсө койсун, аларда деле ошондой. Кечки сый тамакта тилмечтер которуп берет" деп койду. Мен андай чоң кече алып барбаган жаным чийки май жегенсип эле жаман болуп жатам. Ошентип мааракесин алып бардым, интермедияны аткарсак, Африкадан бери келген меймандар түшүнбөй эле отурушту. Ортосунда Чыкем эле боору эзилип каткырып жатат. Ага эле ойноп бергендей болдук. Кыргызчадан англис тилине которгонго араң эки котормочу табылыптыр. Французча билген тилмеч таппай коюшат. Ошондо Чыкем тилди үйрөнүү керектигин айтып өкүнгөн. Ал киши эң оор жанр бул күлкү экенин айткан. Айтматов Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбековдун талантын баалай турган.
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Муктар Шаханов сүйлөгөнүнө баа берген Жунай Мавлянов. Эскерүү маеги
Урожай кукурузы в Киргизском ССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2023
Берекелүү күздөгү эмгек. Мээнеткеч элеттиктердин эски сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0