Электросамокат айдоо эрежесин бузгандарга айып салуу мыйзам долбоору сунушталды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов J. UraimowЭлектросамокатта бараткан балдар. Архивдик сүрөт
Электросамокатта бараткан балдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Жазылуу
Долбоордо жеке мобилдик каражаттарды ижарага берген тараптардын да жоопкерчилиги каралган.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев электросамокат тармагын жөнгө салуу максатында мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга койду.
Эгер ал күчүнө кирсе самокат, скейтборд, гироскутер, сигвей жана монодөңгөлөк тебүү эрежелерин бузгандарга 500 сом айып салынат. Эгер алты айдын ичинде экинчи ирет эреже бузганы катталса 2000 сомдук айыпка жыгылат.
Ал эми техникалык талаптарга жооп бербеген (бузук же чала оңдолгон) электросамокаттарды ижарага берип, анын кесепетинен адамдар жаракат алса жеке жактарга 8 миң, юридикалык жактарга 13 миң сомдук жаза берилет.
Долбоордун маалыматтык негиздемесинде 2020-жылдан бери электросамокаттардан жабыркагандар боюнча ИИМде 157 факт катталганы жазылган. Милицияга кайрылбагандарды кошкондо мындан да көп болору белгиленди. Себеби быйыл жыл башынан бери эле Бишкектеги ооруканаларга ушундай кырсыктардан жаракат алып 151 адам түшкөн.
Белгилей кетсек, Маматалиев буга чейин электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун да сунуштаган.
Такси автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Чүйдө 1,5 жылда 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0