Дарыгер: магниттик бороондо оор жумуш жасабай, кофеден баш тарткан оң

© Фото / Pexels/ ThirdmanИзмерение давления
Измерение давления - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
Адис мындай күндөрү сууну көбүрөөк ичип, чөп чайга өтүү пайдалуу болорун эскертти.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Магниттик бороон учурунда башы ооруп кыйналган адамдар мындай күн болорун алдын ала билсе тамак-ашы менен графигин пландап алганы оң. Бул тууралуу РИА Новостиге Москванын Саламаттык сактоо департаментинин баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча башкы штаттын адиси Андрей Тяжельников билдирди.
Анын айтымында, мындай күндөрү оор жумуштан, нандан, куурулган тамактан жана кофеден баш тартуу керек. Аш кылууга оор азыктардын ордуна жеңил тамак, жашылча, мөмө-жемиш сунушталат.
"Сууну көбүрөөк ичүү керек. Ал эми кофенин ордуна чөп чай ичкен жакшы. Стресстен алыс болуп, алкоголдук ичимдикти токтото туруңуз. Магниттик бороон болгон күндөрү айдоочулар өзгөчө этият болушу зарыл", — деген дарыгер.
Ал ошондой эле кан басымы жогорулап жүргөндөр бул убакта тузду азыраак колдонушу керектигин эскерткен. Анткени туз сууну организмден чыгарбай "кармап" калат. Ал эми кан басымы төмөн болгондор жакшылап тамактанып, кан басымын көтөрүүгө аракет кылышы зарыл.
Кыз диванда жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Дарыгер жалкоолук кайсы оорулардан кабар берерин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0