Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калыбеков: өлкөдө жазуучулукка даярдаган да окуу жайлар бар

© Sputnik / Асел АкматЖазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков
Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Жазылуу
Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков өлкөдө эки университетте жазуучулукка окутаарын айтты.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жазуучулукка багыт берген факультеттер бар. Искусство университетинде адабий чыгармачылык деген факультетте педагог, сценарист жана драматург дипломдору берилсе, Улуттук университетте адабий ишмердүүлүк бөлүмү бар. Бул тууралуу Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Калыбеков: өлкөдө жазуучулукка даярдаган да окуу жайлар бар
Анын айтымында, аталган окуу жайларда акы төлөө менен да, бюджеттик негизде да окуса болот.

"Мен Маданият министрлигине эки жылдык болсо да адабий курс ачууну сунуштаганымда алар өлкөдө эки университет бул багытта адистерди даярдаарын айтышты. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети көрсө абалтадан эле адабий чыгармачылык деген багыт боюнча студенттерди кабыл алып, окутуп келет экен. Учурда биздин союздун 3-4 мүчөсү жаш курактарына карабай окуп жатышат. Мындан сырткары, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университети дагы адабий ишмердүүлүк деген бөлүмүн ачып, 25тен студент кабыл алып окутуп баштады. Алар быйыл 2-курска келишти, 3-курстан тарта тажрыйбалуу акын, жазуучулар да сабак өтүп, ушул багытка басым коюларын белгилеп келишет. Кызыгы, болгону 25 орун болсо эки жыл катары менен толуп, бир орунга 2-3төн абитуриент тапшырып жатыптыр. Албетте, калемгер болууга талант керек, бирок багыттоочу билимсиз күчтүү жазуучу же акын болуп кетиш кыйынга турат", — деди Калыбеков.

Ал 1-2 жылдык кыска курстарды ачууда түйшүгү көп болорун жана убакытты аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0