Эрдоган: Газадагы кан төгүүгө АКШ, Батыш жана алардын камчысын чапкандар жоопкер

© AFP / YASIN AKGULТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулда өткөн Палестинаны долдоо митингинде
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулда өткөн Палестинаны долдоо митингинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Жазылуу
Өлкө башчысы Түркия Израилди аскердик кылмышкер деп жарыялоого камынып жатканын айтты.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Газа секторундагы кан төгүүгө АКШ, Батыш жана алардын камчысын чапкандар жоопкер экенин айтты.
Ал мындай билдирүүнү Стамбулда өткөн Палестинаны долдоо митингинде жасады. Эрдогандын айтымында, көчөгө 1,5 миллион адам чыкты.

“Газадагы кан төгүүгө ким жоопкер экенин баарыңыздар билесиздер да? Бул АКШ, Батыш жана алардын камчысын чапкандар. Батыш, мен сага кайрылып жатам, сен кайрадан жарымайга каршы жүрүш жасаганы турасыңбы?” — деди Эрдоган.

Ал ошондой эле Түркия Израилди аскердик кылмышкер катары жарыялоого камынып жатканын жарыялады. Эрдоган Украина жаңжалынын курмандыктары үчүн жашын төккөн Батыштагылар азыр Газа секторунда балдар өлүп жатканын унчукпай карап турганын белгиледи.
Ал эми Израилдин ТИМ башчысы Эли Коэн Режеп Тайиптин билдирүүсүнөн кийин Түркиядагы дипломатиялык өкүлдөрүн мекенине кайтууну тапшырды.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Путин менен Эрдоган Газанын айланасындагы кырдаалды талкуулады
Жаңылыктар түрмөгү
0