Путин менен Эрдоган Газанын айланасындагы кырдаалды талкуулады

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Эки өлкөнүн президенттери Жакынкы Чыгыштагы чатак боюнча позициялары бир экенин белгилешкен.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости Кремлге таянып жазды.
Ошондой эле лидерлер карапайым калктын арасында өлүм санынын өсүшүнө жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалдын кескин курчушуна терең тынчсызданууларын билдиришкен. Турак үйлөргө, диний жана социалдык объектилерге соккунун урулушун да айыпташкан.
Мындан тышкары, БУУнун Коопсуздук кеңешинин линиясы боюнча Россия жигердүү аракеттерди көрүп жатканы, ошондой эле Түркия тараптын кан төгүүнү токтотууга жана муктаж болгондорго гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыздоого багытталган саясий-дипломатиялык кадамдары айтылган.
Эки өлкөнүн президенттери Жакынкы Чыгыштагы чатак боюнча позициялары бир экенин белгилешкен.
"Россия менен Түркиянын позициялары бир экени, ал Израиль менен тынчтыкта жана коопсуздукта жашаган көз карандысыз Палестинаны түзүүнү кароого багытталганы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Эрдоганды Россия лидери Түркиянын жүз жылдык мааракеси менен куттуктап, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалагандыгы кошумчаланды.
Израилдин Газа шаарына жасаган соккусунан кийин бир киши жарадар болгон баланы көтөрүп бара жатат  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
ЖМК: Газада 2 миңден ашык бала көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0