Эки баласы менен киши колдуу болгон аял. Үчөөнүн өлүмүнүн себеби аныкталды

© Фото / пресс-служба МВДҮчөөнүн өлүмүнүнө шектелген Чынтемир Аширалиев. Архивдик сүрөт
Үчөөнүн өлүмүнүнө шектелген Чынтемир Аширалиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Соттолуучу буга чейин окуя болгон күнү аял мас болгонун айткан эле. Бирок экспертизада аялдын канынан спирт табылган эмес.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Экспертиза Бишкектеги батиринде эки баласы менен өлтүрүлгөн Алтынай Канзаманованын өлүмүнүн себебин аныктады.
Белгилей кетсек, бүгүн аялды эки баласына кошуп өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиевдин соту өтүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы айтылды.
Аял көкүрөк тушуна учтуу темир сайылып (ал бычак болушу мүмкүн), алган жараатынан көп кан жоготуп көз жумган. Канынан алкоголь, спирт табылган эмес. Соттолуучу буга чейин окуя болгон күнү аял мас болгонун айткан эле.
17 жаштагы кызы катуу жаракат алган, боору жарылып кеткен. Анын да көкүрөк тушуна бычак болушу мүмкүн делген учтуу темир сайылган. Канынан алкоголь табылган жок.
8 жаштагы уулу муунтулган.
Эскерте кетсек, үрөй учурган каргаша үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү 5-кичи райондогу батирлердин биринде болгон. Анда 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектелип УКМКнын мурдагы кызматкери 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.
Шектүү сот отурумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
"Мен өлтүргөн эмесмин". Үч адамдын өлүмүнө шектелген Аширалиев көрсөтмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0