Кыргызстандын үч шаарында Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия ЖОЖдорунун көргөзмөсү. Архивдик сүрөт
Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Иш-чарага келгендер Россиянын жогорку окуу жайларына квота менен тапшырууга байланышкан суроолоруна жооп ала алышат.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 1-ноябрдан баштап 3-ноябрга чейин Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтөт. "Россиядагы билим берүү – 2024-2025" аталышындагы иш-чара квоталык орунга тандап алуу кампаниясынын алкагында уюштурулганын Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Көргөзмө өтчү күндөр жана убактысы:
1-2-3-ноябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин – Бишкек шаарындагы КРСУнун башкы корпусу;
2-ноябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин – Россия университеттеринин көчмө көргөзмөсү Кант шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы шаардык маданият үйүндө болот;
3-ноябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин – Россия университеттеринин көчмө көргөзмөсү Кара-Балта шаарындагы Ленин атындагы маданият үйүндө уюштурулат.
Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору бардык шаарлардагы көргөзмөлөргө кирүү акысыз экенин кошумчалады. Ага келген коноктордун баары квота менен Россиянын окуу жайларына тапшырууга байланышкан суроолоруна жооп-кеңештерди ала алышат. Көргөзмө Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин биргелешкен колдоосунда уюштурулат.
Иш-чарага катыша турган ЖОЖдордун тизмеси менен сайтынан таанышууга болот.
Россиянын ЖОЖдоруна кабыл алуу кампаниясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Россиянын ЖОЖдорунда акысыз окуу. Документтер кабыл алына баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0