Россиянын ЖОЖдорунда акысыз окуу. Документтер кабыл алына баштады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиянын ЖОЖдоруна кабыл алуу кампаниясы. Архив
Россиянын ЖОЖдоруна кабыл алуу кампаниясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Жазылуу
Кыргызстандыктар үчүн 700 квота каралган. Документтер ноябрдын башына чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россотрудничество Россиянын жогорку окуу жайларында 2024-2025-жылдары акысыз окуу үчүн документтер качан, кайсы жакта кабыл алынарын маалымдады.
Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдиргендей, кыргызстандыктар бакалавриат, магистратура, аспирантура, резидентура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алышат. Кийинки окуу жылына 700 квота каралган.
Документтер education-in-russia.com сайтында 31-октябрга чейин кабыл алынмакчы. Ушул эле сайттан ЖОЖдор, билим берүү программалары жана студенттик жашоо тууралуу маалымат алууга болот.
Мындан тышкары, ар жума сайын "Русский дом" Бишкекте Россиянын окуу жайына тапшырам деген каалоочуларга консультация берет. Окуу жай тууралуу маалыматты онлайн да, борборго барып да алса болот.
uchebarf.kg/consult шилтеме аркылуу алдын ала жазылып коюш керек.
Кыргызстандын жарандарын тандоо эки этап менен өтөрү айтылды. Биринчи этапты Россотрудничество өкүлчүлүгү өткөрсө, экинчисин Россиянын жогорку окуу жайлары уюштурат.
Кошумча маалыматты 0 (312) 30-05-43 номерине чалып алуу мүмкүн.
Славян окуу жайы университеттен да артык. КРСУдагы көргөзмөнүн видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
"Славян окуу жайы университеттен да артык". КРСУдагы көргөзмөнүн видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0