Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө бактериялардын антибиотикке туруктуулугунун жогорулашы изилденет

© Sputnik / Асель СыдыковаДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы адиси Айгүл Жакубекова
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы адиси Айгүл Жакубекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы адиси Айгүл Жакубекова Кыргызстан улуттук деңгээлде бактериялардын дары-дармекке туруктуулугунун жогорулашы боюнча изилдөөнү биринчилерден болуп жүргүзөрүн айтты.
Бактериялардын дары-дармекке туруктуулук проблемасы өлкөнүн саламаттыгына жана өнүгүүсүнө глобалдуу коркунуч болуп саналат. Бул тууралуу Айгүл Жакубекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө бактериялардын антибиотикке туруктуулугунун жогорулашы изилденет
Анын айтымында, изилдөө жүргүзүү үчүн өлкөдөгү 40 оорукана (ал жактан изилдөөгө жарамдуу бейтаптар тандалып, канын текшерүү аркылуу изилдөө жүрөт) жана үч лаборатория тандалып алынган.
"ДССУ бактериялардын дары-дармекке туруктуулук проблемасын калктын саламаттыгына коркунуч туудурган адамзаттын алдындагы 10 глобалдык коркунучтун бири деп атады. Уюмдун колдоосу менен Кыргызстан улуттук деңгээлде бактериялардын дары-дармекке туруктуулугунун жогорулашы боюнча изилдөөнү баштоого даярданууда. Бул жаатта Кыргызстан алдыга чыгат. Анткени мындай изилдөө дүйнөдө биринчи жолу өткөрүлөт. Оорулардын антибиотиктерге туруштук берүүсү бардык өлкөлөр үчүн чоң көйгөй болуп саналат. Бул коомдун саламаттыгына коркунуч туудурууда. Барган сайын жугуштуу ооруларга каршы (пневмония, кургак учук жана башка) дары-дармектин эффективдүүлүгү төмөндөгөндүктөн илдеттен арылуу кыйын болуп баратат. Натыйжада бейтапты ооруканага жаткыруу узакка созулуп, медициналык чыгымдар кымбаттап, өлүм көбөйүүдө. Изилдөө жүргүзүү үчүн өлкөдөгү 40 оорукана (ал жактан изилдөөгө жарамдуу бейтаптар тандалып, канын текшерүү аркылуу изилдөө жүрөт) жана үч лаборатория тандалып алынган. Изилдөө бейтаптар арасында 12 ай бою активдүү жүрөт. Анын натыйжасы антибиотиктердин эффективдүүлүгүн аныктоого, рационалдуу жана коопсуз дарылоону жүргүзүүгө жардам берет. Ошол эле учурда аймактык жана глобалдык деңгээлде антибиотиктерге туруктуулукту ооздуктоо боюнча андан аркы стратегияны иштеп чыгууга салым кошот", — деди Жакубекова.
Ал изилдөөнү жүргүзүүдө ДССУ техникалык колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0