Актёр болууну кыялданган жаштарга жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Шарт-талабы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАктерлор спектакль учурунда рол ойноп жатат
Актерлор спектакль учурунда рол ойноп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Кыргызстандык жаштар Борис Щукин атындагы театралдык институтта бюджеттик негизде билим ала алышат.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Россотрудничество жана Борис Щукин атындагы театралдык институт менен биргеликте жаштарды актёрлукка даярдайт. Бул тууралуу министрликтен маалымдалды.
Билдирмеге ылайык, кыргызстандык жаштар бюджеттик негизде билим ала алышат. Күндүз окушат, мөөнөтү төрт жыл. Кабыл алуу үч тепкичтен турат, ушул жылдын ноябрь айында алгачкы топ кабыл алынса, келе жаткан жылдын февраль жана апрель айларында экинчи-үчүнчү этаптык кабыл алуу жүрөт.
Багыттары:
актёрлук чеберчилик багыты — 15 орун, 17-22 жашка чейинкилер кабыл алынат;
театр режиссурасы — жети орун, 30 жашка чейинкилер кабыл алынат.
Конкурстук тандоого кирүү үчүн милдеттүү талаптар:
жалпы орто (толук) билими жөнүндө документ (аттестат);
мамлекеттик тилдерди билүү (кыргыз жана орус тилдери).
Окууга тапшырууну каалагандар 15-ноябрга чейин https://education-in-russia.com/ сайтына катталышы керек.
Каттоо боюнча суроолор болсо Россотрудничествого кайрылыңыздар.
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2/1. Тел.: (996-312) - 30-05-12.
Оштогу дарек:
телефон: (996) 3222 4 13 20;
электрондук почта: kirgizia_osh@rs.gov.ru
Россиянын ЖОЖдоруна кабыл алуу кампаниясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Россиянын ЖОЖдорунда акысыз окуу. Документтер кабыл алына баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0