Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз аймак аралык Х конференция өтөт. Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган.

КР менен РФтин өнөр жай кооперациясы боюнча ишке ашып жаткан долбоорлору

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүТракторлорду жыйноочу цех. Архив
Тракторлорду жыйноочу цех. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия өнөр жай кооперациясы боюнча кандай долбоорлорду ишке ашырып жатканын Соода-өнөр жай палатасына караган Инвестициялык ишмердүүлүк департаментинин башчысы Элмырза Үкүбаев айтып берди.
Ал учурда өтүп жаткан Россия-кыргыз аймактар аралык конференцияда сүйлөдү.
Үкүбаевдин айтымында, Кыргызстан менен Россиянын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда 50 ири долбоор каралып жатат. Департамент жетекчиси иштелип чыгып жаткан долбоорлор катары төмөнкүлөрдү тизмектеп берди:
медициналык каражаттарды өндүрүү боюнча завод;
тери буюмдарын өндүрүү боюнча завод;
машина куруу комплекси;
тери иштетүүчү завод;
айыл чарба техникасын өндүрүү.

"Тери иштетүүчү завод Эркин экономикалык аймакта беш гектар жерде жайгашат. Долбоор өзүн алты жылдан кийин актай баштайт. 200 жумушчу орун түзүлөт, аны 700гө чыгаруу планыбыз бар. Гидроэнергетика, машина куруу боюнча долбоорлорду илгерилетип, санаторийлерди жабдуу, туризмди, айыл чарба тармагын өнүктүрсөк болот", — деди Үкүбаев.

Конференция Жалал-Абадда өтүп жатат. Россия менен Кыргызстандын өкүлдөрү кызматташуу, долбоорлорду каржылоо, соода, туризм жана ритейл тармактары боюнча талкуу жүргүзүшүүдө. Программа өнөр жай объектилерин кыдырууну, Россия менен Кыргызстандын региондорунун "Достук" паркына капсула салуу аземин, көргөзмө жана бизнес-сессияларды камтыйт. Иш-чара эки өлкөнүн алакасын бекемдөөнү көздөйт.
Костюмчан эркектер сүйлөшүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Ошто Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун форуму өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0