Кыргызстандын колбаса жана эт азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрү көп сатып алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги колбаса заводунун продукциялары. Архив
Бишкектеги колбаса заводунун продукциялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
Соңку маалыматтар боюнча, өлкөдөн 453,7 тонна эт азыктары экспорттолгон.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери Кыргызстандан чыгарылган колбаса жана эттен жасалган башка азыктардын негизги сатып алуучулары болуп саналат. Бул туурасында маалымат Улуттук статистика комитетинин отчетунда камтылган.
Үстүбүздөгү жылдын январынан июлга чейин өлкөдөн 1,7 миллион долларга 453,7 тонна аталган азык экспорттолгон.
Сатып алган өлкөлөр:
Россия — 262,8 тонна;
Казакстан — 188 тонна;
Өзбекстан — 2,9 тонна.
Ошондой эле аты аталбаган өлкөлөргө аз өлчөмдө 1,5 миң долларлык продукция сатылган.
Курулуш материалдарын сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
ЕАЭБде курулуш материалдарына бирдей талаптар киргизилет
Жаңылыктар түрмөгү
0