ЕАЭБде курулуш материалдарына бирдей талаптар киргизилет

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКурулуш материалдарын сатуу. Архивдик сүрөт
Курулуш материалдарын сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Жазылуу
Курулуш материалдарынын сапатын техникалык коопсуздук эрежелерин кабыл алып коюу менен гана жакшыртуу мүмкүн эместиги белгиленди.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы үчүн маанилүү болгон курулуш материалдарына биримдиктин алкагында бирдиктүү талаптарды киргизүү боюнча документ даярдалып жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык көзөмөл министри Виктор Назаренко билдирди.
Ал Минскиде курулуш материалдары боюнча эл аралык конференцияга катышкан.
"ЕАЭБ үчүн техникалык регламент кабыл алуу — курулуш тармагындагы интеграцияны тереңдетүүгө жасалган маанилүү кадам. Аны ишке ашыруу технологияны өнүктүрүүгө жана чыгарылган продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт", — деди ЕЭК министри.
Ал ошондой эле сатыкка чыгып жаткан курулуш материалдарынын сапатын техникалык коопсуздук эрежелерин кабыл алып коюу менен гана жакшыртуу мүмкүн эместигин белгиледи. Назаренконун айтымында, коопсуздук сакталышы үчүн бүгүндөн баштап биримдиктеги өлкөлөр мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүшү керек. Ошондой эле рыноктун абийирсиз катышуучуларына чара көрүү үчүн көзөмөл органдары аккредитациядан өткөн органдар менен кызматташканы оң.
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
ЕАЭБде 2023-жылдын аягына чейин экономикалык өсүш күтүлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0