ЕАЭБ өлкөлөрүндө транзиттик ири потенциал бар экени айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Давыдов. Архивдик сүрөт
Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Давыдов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Ал транзиттеги транспорттук-логистикалык жолдордун атаандаштыкка жөндөмдүү болушу операцияларды аткаруунун тездигине, көзөмөлдөө чараларынын аздыгына байланыштуу экенин айтты.
ЫСЫК-КӨЛ, 28-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин транзиттик потенциалы абдан чоң. Бул туурасында Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Давыдов билдирди.
Ал ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 43-отурумунда сүйлөдү. Давыдов күн тартибине токтолуп, ал арыздардын — маалыматтардын аныктыгын текшерүү процессин автоматташтырууга жардам берүү жаатындагы (товардын салмагы, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү) бир маселе киргизилгендигин айтты.
"Бул жерде "контейнерлер" жана "транзиттик декларациялар" деген маанилүү сөздөр айтылды. Мен ЕАЭБ өлкөлөрүндө транзиттик потенциал өтө чоң, гиганттык көлөмдө деп ойлойм", — деген Давыдов.
Ал транзиттеги транспорттук-логистикалык жолдордун атаандаштыкка жөндөмдүү болушу операцияларды аткаруунун тездигине, көзөмөлдөө чараларынын аздыгына байланыштуу экенин кошумчалады.
Товарды фурага жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Батыштын жолу буулуп... Кыргыз товарларын Россияга ташычу жаңы коридор тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0