Батыштын жолу буулуп... Кыргыз товарларын Россияга ташычу жаңы коридор тууралуу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТоварды фурага жүктөө. Архивдик сүрөт
Товарды фурага жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Жазылуу
Батыштын Россия менен Кытайдын Борбор Азиядагы стратегиялык коммуникациясына ар кандай долбоорлор жана өз ара пайдалуу кызматташтык тууралуу кооз сөзү менен кийлигишүү аракети ийгилик алып келген жок дейт Sputnik Кыргызстандын баяндамачысы.
Кыргызстандын Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Бишкек менен Москванын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылы 3 миллиард долларды түздү, мында РФ Кыргызстандын Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турган соода өнөктөшү экенин эске алуу кажет. Географиялык жакындык Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар айлантуунун деңгээлин 34,8 пайыздын чегинде кармап турат (РФ — 28,2 пайыз). Казакстан географиялык жана башка себептерден улам тизменин үчүнчү сабында, бирок Астананын КР менен РФти байланыштыруучу транспорттук чынжырча катары Бишкек үчүн стратегиялык мааниси зор.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы карама-каршылыктар, тариф жана бажы саясатындагы пикир келишпестиктер, кийин ЕАЭБ алкагында Казакстандын аймагындагы транзит эрежелериндеги дал келбестиктер Кыргызстандан Россияга товар жөнөтүү жаатында бир топ маселе жаратып келди. Бирок тоскоолдуктарга карабай кыргыз товарлары жана башка транзиттик жүк Россияга кеч да болсо жетип жатты. Акыркы бир жарым жыл ичинде киргизилген эл аралык антироссиялык санкциялар Казакстандын аймагы аркылуу өтчү транзитке кедергисин тийгизиши толук мүмкүн.
Июлдун башында ЖМКларда Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия Түштүк транспорт коридорун түзүү боюнча макулдашканы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Бул маршрут менен жүктүн бир бөлүгү Казакстандын аймагынан кыйгап өтүп, Астрахандагы портко которулары айтылган. РФте экинчи транспорттук жолдун ачылышы Кыргызстандын Россия менен болгон соода-экономикалык мамилесине жаңы дем берери белгиленген эле. Борбордук Азияда жаңы транспорттук артериялардын пайда болушу Москванын да, региондогу ордо калаалардын да узак мөөнөттүү стратегиялык кызыкчылыгына төп келет, анткени эл аралык аренадагы оңой эмес кырдаал дагы көпкө созулары бышык.
Буга кадамдар Бишкек менен Москва жаңы коридор үчүн россиялык паромдорду колдонууну макулдашкан 2022-жылдын сентябрында эле жасалган. Ал эми декабрда Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министринин Түркмөнстанга жасаган сапарында тараптар Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан (Түркмөнбашы порту) — Россия (Астрахань порту) мультимодалдык маршрутту ишке киргизүүнүн айрым деталдарын талкуулашкан эле.
Аталган маршрут ишке кирсе Борбордук Азия менен Россияны байланыштырган регионалдык транспорт коммуникациясынын өнүгүшүнө жол ачмак. Бирок жол Батыштын санкциялык кысымынан корголгонбу? Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын бийлиги тышкы таасирге канчалык туруштук бере алат?
Кыргызстандын жетекчилигине суроо жок — батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы алар күткөндөй болбоду. Бишкек жакынкы келечекте тышкы саясатынын стратегиялык багытын өзгөртпөйт.
Борбор Азиянын президенттери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп
Өзбекстан көз карандысыз тышкы саясий курсту карманып, батыш мамлекеттери менен да, Россия жана Кытай менен да жылуу мамиле түзүп келет. Өлкөнүн регионалдык контекстте да ийгилиги мол: жаңы бийликтин 2016-жылы өлкө эшигин кызматташууга ачып бергени Борбор Азиядагы жалпы маанайды өзгөртө алды — коңшулар, анын ичинде Кыргызстан менен чек ара, соода-экономикалык жана башка маселелер чечилди. Мындан тышкары, Өзбекстан тышкы рынокко чыгыш үчүн эки өлкөнүн аймагы аркылуу өтүшү керек, мындан улам жаңы транспорттук коридордун бардык түрү Ташкент үчүн ири потенциалын тышка чыгарууга мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Түркмөнстан тууралуу кеп кылганда анын "батыштын санкциялык кысым идеологиясынан" коргоочу нейтралдык макамын эстен чыгарбоо зарыл. Анткен менен аймагынан мультимодалдык маршруттун өтүшү биринчи кезекте финансылык кирешени камсыздайт, инвестиция келип, жумуш орундары көбөйөт. Тышкы саясатка келсек, Түркмөнстан жетекчилиги кысымга кол куушуруп отуруп берүүсүн элестетүү кыйын.
Башкача айтканда, учурда Борбордук Азияда регион менен Россияны байланыштыруучу маршрутту түзүүгө олуттуу тоскоолдук жок. Эми Россия товардын көбөйөрүн эске алып, Каспийде паромдук транспортту өнүктүрүшү керек.
Батыш менен Россиянын Украина аймагындагы тирешүүсүнө байланыштуу коопсуздуктун европалык жана дүйнөлүк системасынын трансформациясы Москва менен тыгыз алакадагы мамлекеттердин кысымы менен коштолууда. Акыркы эки жылда батыш мамлекеттери Борбордук Азия жана Түштүк Кавказда алдап-соолаган сөздөн тарта Россия сымал изоляцияда каларын айткан ачык коркутууларга чейин барды. Бирок Россия изоляцияда калган жок, санкцияга, басымга туруштук бере аларын көрсөтүп, экономикасы өсүп жатат.
Мисалы, Казакстан дүйнөлүк финансылык жана соода-экономикалык системага көбүрөөк аралашып (коңшуларына салыштырмалуу) жүргөндүктөн Россияга карата киргизилген санкциялардын кесепетинен кооптонушу ыктымал. Астананын бир жагынан Москванын стратегиялык өнөктөшү бойдон калып, ошол эле учурда эл аралык санкциялык саясатты сактоого аракет кылып жатканы кадыресе көрүнүш. Россия да Казакстан менен алакасын бузгусу келбейт, өтө дыкаттык менен ушул нукта жардам да берип жатат, мисалы, бир да жолу республиканын тышкы саясатынын багытын расмий сындаган жок.
Россиянын маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болгон Борбор Азиянын кадыры артып жатат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. 2022-жылы товар айлантуунун көлөмү 23 миллиард долларга жеткени кокустук эмес (эксперттер быйылкы жылдын жыйынтыгы менен мындан да өсөрүн боолголошууда). Батыштын алсызыраак мамлекеттерди санкция жана изоляция менен коркутуу аракетинен да майнап чыккан жок.
Батыш БАнын энергетикалык ресурсуна жана "Орток коридорго" кызыкдар экенин эстен чыгарууга болбойт. Бул жол менен аталган ресурс менен башка товарларды Россиядан кыйгап өтүп, Каспий, Түштүк Кавказ, Түркия аркылуу Европага чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул коридорго кызыгуу регионалдык (Борбор Азия) жана трансконтиненталдык (Кытай — Европа) транзитти түп тамырынан бери өзгөртө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу чечиминен кийин күч алды.
Москванын анык бир кадамдарынын фонунда Батыштын Россия менен Кытайдын Борбор Азиядагы стратегиялык коммуникациясына Global Gateway сыяктуу ар кандай долбоорлор жана өз ара пайдалуу кызматташтык тууралуу кооз сөзү менен кийлигишүү аракети суу кечпей калды. Ушу тапта буга чейинки жана маалыматтык, энергетикалык, транспорттук сыяктуу жаңы коммуникацияларды калыбына келтирүү аркылуу евразиялык мейкиндиктин консолидацияланып жаткан процессине күбө болуудабыз. Батыш каалайбы-каалабайбы, Россия эл аралык жана саясий конъюктурага карабай мындай процесстердин чордонунда кала берет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн аталган процесстерде ролун аныктап, өз ордун табышы өтө маанилүү.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жана Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Чолпон-Атадагы Европа биримдиги — Борбор Азия саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Евробиримдик Борбор Азияга "өз" боло албайт. Саммиттен кийинки ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0