Баткен ОИИБ башчысынын орун басары Мухамадиевди өлтүргөн жээни 15 жылга кесилди

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев. Архивдик сүрөт
Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
Айыпкер жазасын катаал режимдеги колонияда өткөрөт.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевдин өлүмүнө айыпталган жаранга карата Баткен райондук соту өкүм чыгарды. Бул маалымат Жогорку соттун сайтынан алынды.
Кылмышка маркумдун жээни, мурда бир нече ирет соттолгон 35 жаштагы С.Н. күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары, кылмышкер жабырлануучу тарапка 100 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген.
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиМурда бир нече ирет соттолгон 35 жаштагы С.Н.
Задержанный по подозрению в убийстве заместителя начальника УВД Баткенской области Аскарали Мухамадиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Мурда бир нече ирет соттолгон 35 жаштагы С.Н.
С.Н. жазасын катаал режимдеги колонияда өткөрөт.
Белгилей кетсек, Баткен ОИИБдин начальнигинин орун басары Аскарали Мухамадиев 2022-жылы март айында киши колдуу болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, соттолуучу полковникти бычактаган.
Судья балкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Казакстандык машыктыруучунун Көлдөгү өлүмү: айдоочу 7 жылга кесилди
Жаңылыктар түрмөгү
0