Валентина Шевченко: акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок

© AP Photo / David BeckerКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жазылуу
Валентина Шевченко мартта алдырып жиберген чемпиондук титулун кайтарып алуу үчүн Алекса Грассо менен реваншка чыкты. Бирок титул кайрадан Грассодо калды.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок. Мындай пикирин кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Алекса Грассо менен болгон таймаштан соң билдирди.
"Мен жеңиш үчүн баарын жасадым. Эсеп менин пайдамда – 3:2 болчу. Калыстар басым болуп жатканын байкашты өңдөнөт, себеби бүгүн Мексиканын Эгемендүүлүк күнү. Ошондуктан алар мексикалык мушкерге дагы бир раунд беришти. Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок", — деди ал.
Ал эми Грассодон ушундай беттешти күттүңүз беле деген суроого: "Ооба, ушундай болот деп күткөм, мен күткөндөй таймаш болду", — деп жооп берди.
Алекса Грассо Шевченко экөөнүн күч сынашуусуна биротоло чекит коюу үчүн кайрадан рингге чыгабы же жокпу, азырынча белгисиз экенин айтты.
"Азырынча айта албайм. Машыктыруучу, менеджерлерим менен кеңешебиз, андан кийин көрөбүз", — деген Грассо соккулары атаандашына караганда күчтүү болгонун, муну ал жеңиш деп эсептей турганын билдирди.
Бүгүн Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен кайрадан күч сынашкан. Шевченко ушул жылдын март айында ажырап калган чемпиондук титулун кайтарып алуу үчүн реваншка чыкты. Таймаштын жыйынтыгында калыстар алардын тең чыкканын жарыялады. Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Алекса Грассодо калды.
Чемпиондун жеңилүү ызасы. UFC турнириндеги кызыктуу учурлар бир видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Чемпиондун жеңилүү ызасы. UFC турнириндеги кызыктуу учурлар бир видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0