Шевченко Грассо менен реваншта чемпиондук титулун кайтара алган жок

© AFP / Patrick T. FallonКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жана мексикалык Алекса Грассо. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жана мексикалык Алекса Грассо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жазылуу
Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун беттешинин жыйынтыгында калыстар "тең чыгышты" деген жыйынтыкка келишти.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен кайрадан күч сынашты. Шевченко ушул жылдын март айында ажырап калган чемпиондук титулун кайтарып алуу үчүн реваншка чыккан.
Алекса Грассо менен таймаш беш раундда өттү. Спортчулардын күйөрмандары бир дем менен көрө тургандай таймаш тартуулай алышты. Бул Шевченконун карьерасында оор беттештердин бири болду. Анын жыйынтыгында калыстар спортчулардын тең чыгышканын жарыялады. Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Алекса Грассодо калды.
Бокс мээлейчен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Кыргызстандык мушкер кыз россиялык атаандашын биринчи раундда жеңип алды
Жаңылыктар түрмөгү
0