Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жекшенкулов: Батыш биздин өнүгүүбүзгө кызыкдар эмес

© Sputnik / Асел АкматДипломат, саясат таануу илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты Аликбек Жекшенкулов
Дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты Аликбек Жекшенкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Жазылуу
Дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан келечегин ЕврАзЭС өлкөлөрү менен чогуу түзүшү керектигин айтты.
Кыргызстан Батыш мамлекеттерине ыктаса өнүгөт деген жаңылыш түшүнүк. Анткени 32 жылдык эгемендүүлүктүн алкагында карай турган болсок, биздин республиканын өнүгүшү үчүн Батыш мамлекеттери же АКШ эч кандай аракетке барган жок. Мындай пикирин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Жекшенкулов: Батыш биздин өнүгүүбүзгө кызыкдар эмес
Анын айтымында, Батышка ыктагандан мурда ал бизди өз катарынан көрүүнү каалайбы деген суроо жаралат.
"Батыш жана АКШ өнүгүшүн каалаган өлкөлөргө чоң-чоң инвестицияларды салып, жаштарын миңдеп окутуп салым кошту. Ал эми биз канчалык аларга ыктаганды каалабайлы, бизге карата андай мамиле жасалган жок. Ооба, эгемендүүлүк алган жылдардан бери анча-мынча жеке ишканалары инвестиция алып келишти, бирок бул бизнес, жеке кызыкчылыктар. Андан өйдө көтөрүлө алган жокпуз. Демек, алар биздин өнүгүүбүзгө, экономикабыздын күчтүү болушуна кызыкдар эмес. Экинчи себеп — биз менталитетибиз, көз карашыбыз, улуттук иденттүүлүгүбүз туура келген мамлекеттер менен алака түзүшүбүз керек. Бул жагынан алып караганда ЕврАзЭС мамлекеттери менен келечегибиз бирге", — деди Жекшенкулов.
Ал Кыргызстан географиялык жайгашуусу боюнча да Россия, Кытай мамлекеттери менен тыгыз алакада болушу зарылдыгын кошумчалады.
Дипломаттын маегин толук окуп чыксаңыз болот
Жаңылыктар түрмөгү
0