ШКУ өлкөлөрү Кытайда 2024-жылы биргелешкен машыгуу өткөрөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАнтитеррордук машыгуулар учурунда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери. Архив
Антитеррордук машыгуулар учурунда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Жазылуу
Кызматташтыкты бекемдөө үчүн Индияда практикалык семинар жана интернетти террордук, ошондой экстремисттик максатта пайдаланууга бөгөт кое турган антитеррордук окууларды өткөрүү пландаштырылды.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин атайын кызматтары Кытайда кезектеги антитеррордук машыгуу өткөрүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Руслан Сейсембаев билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Астанада ШКУнун Регионалдык антитеррордук структурасы кеңешинин 40-жыйыны болуп өттү.
Маалыматта машыгуулар 2024-жылы өтөрү айтылат. Сейсембаев экстремисттик идеологияга каршы күрөшүү жаатында кызматташуу программасын иштеп чыгууга старт берилгенин белгиледи.
"Кийинки жыйын Кытайда өтөт", — деди Сейсембаев жыйынды жыйынтыктап жатып.
Кеңешмеде кызматташтыкты бекемдөө үчүн Индияда практикалык семинар жана интернетти террордук, ошондой экстремисттик максатта пайдаланууга бөгөт кое турган антитеррордук окууларды өткөрүү пландаштырылды.
Жыйынга Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын тийиштүү органдарынын делегациялары катышкан. Ал эми Беларусь менен Монголия байкоочу болду.
Беларустагы ЖККУнун масштабдуу машыгуусу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Беларуста ЖККУнун масштабдуу машыгуусу аяктап, кыргызстандыктар сыйланды
Жаңылыктар түрмөгү
0