Майды аз ичкен автоунаалардын баасы бир айда кандай өзгөрдү. Сандар

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги автоунаалардын базардагы баасы менен тааныштырып келет. Бул ирет майды аз ичкен машиналардын наркы августта кандай өзгөргөнүн билдик.
Инфографикада чыгарылган жылы популярдуу болгон машиналардын баасы көрсөтүлгөн. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (сандар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарында жүргүзүлгөн.
Суроо-талап күч 10 унаа:
Daewoo Matiz;
Honda Fit;
Lada 2107;
Toyota IST;
Hyundai Getz;
Mazda Demio;
Volkswagen Golf;
Honda Civic;
Toyota Prius;
Chevrolet Spark.
Баалардын биринчи анализи августтун башында жүргүзүлгөн, анда доллар Улуттук банктын курсу боюнча 87,9 сом болчу. Акыркы анализ 8-сентбярда жүргүзүлдү, мында доллар 88,3 сомго чыккан.
Баарынан көп Volkswagen Golf, Toyota Prius жанаChevrolet Spark кымбаттаган. Баа анча көтөрүлгөн жок, болжол менен 100-400 долларга өстү. Калган темир тулпарлардын наркын эсептей келгенде орточо 100-300 долларга түштү.
Жаңылыктар түрмөгү
0