Төрага Шакиев: ЖК көз каранды эмес, депутаттар каалагандай сүйлөйт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Жогорку Кеңештин спикери өзүнүн кээ бир парламенттештерин да сындады.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев коомчулукка депутаттар бийликти, президентти ачык сындай алат, парламент көз каранды эмес деген билдирүү жасады.
Ал жыйын башталар алдында парламенттин аброю, ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка кайрылды.
"Акыркы жумада парламенттин дарегине орундуу да, орунсуз да сын-пикирлер айтылып жатат. Төрага катары парламенттин аброюн коргошум керек, ага жооптуумун. Андыктан айтып жаткан жарандарга жооп берип коёюн. Биз өз милдетибизди так, даана жана ачык аткарып жатабыз. Парламентте "баары көз каранды, сырттан башкарылат, көп түрдүүлүк жок, курч сөздөр, сын-пикир айтылбайт" деген сөздөрдү кескин түрдө четке кагам. Биздин депутаттар каалаган учурда, каалагандай сүйлөп жатат, эч кимге тыюу жок", — деди Шакиев.
ЖК төрагасы муну менен катар эле өзүнүн кээ бир парламенттештерин да сынга алды.
"Тилекке каршы, бизде айрым депутаттар кээде элдин, көптүн көзүнчө айтат да, бирок иш жүзүндө конкреттүү сунуштарды бербейт. Тескерисинче, мыйзам чыгаруу менен алектенген депутаттардан сунуштар көп түшүп жатат. Бийликке, президентке, министрлер кабинетине сын-пикир айта алышпайт дегенге да каршымын", — деди спикер.
Шакиев кетип жаткан кемчиликтерди микрофонго чыкпай эле, пиарлабай эле тиешелүү тараптарга жолугуп же кагаз жүзүндө берип да жүрүшкөнүн айтып, ага өзүн жана бир нече депутаттарды кошту.
Депутат Эрулан Көкүлов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Депутат Көкүловдун министр Иманалиевдин кабинетиндеги чыры. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0