Депутат Көкүловдун министр Иманалиевдин кабинетиндеги чыры. Видео

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Эрулан Көкүлов. Архивдик сүрөт
Депутат Эрулан Көкүлов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Бир нече убакыттан кийин министр Иманалиев жолугушууга кезексиз келген Көкүловду кабыл алды.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Депутат Эрулан Көкүлов билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабинетине кирип барып, экөө айтыша кетти.
Видео социалдык тармакка тарады. Көкүловдун министрдин кабинетине кирип барып, өзүнүн нааразылыгын айтканын көрүүгө болот. Анда эл өкүлү аткаминердин кабыл албагандыгын айтып жатат.
Иманалиев Азия банкынын өкүлдөрү менен болгон жыйындан кийин кабыл аларын, эл өкүлүн тартип менен кабыл аларын түшүндүрүүгө аракет кылган. Мындай "тартип" Көкүловго жаккан эмес.
"Сиз тартип менен эмес, мыйзам менен кабыл аласыз", — деген Көкүлов.
Анткен менен министр аны баары бир эл аралык маанидеги топтон кийин кабыл аларын айтып, баш тарткандан кийин депутат кабинеттен чыккан.
Бир нече убакыттан кийин министр Иманалиев жолугушууга кезексиз келген Көкүловду кабыл алды.
Эл өкүлү министрлик берген ишеним телефону эмне себептен иштебей жатканын билүүгө келген. Ал үч күндөн бери чалып, WhatsApp аркылуу да жооп ала албай жатканын айткан.
Ал эми Иманалиев телефон иштеп жатканын, ага келген бардык суроолор жоопсуз калбаганын кагаз түрүндө көргөздү. Министр аягында чыдабай кеттиби, айтор, Көкүловго депутаттын статусу жөнүндө мыйзамды окуп берди. Ал эл өкүлүн мыйзамды бузгандыгы үчүн айыптап, ал тургай көчөдө жүргөндөй кийинип алганын айтты. Кайым айтышуунун аягында каалагандай жооп ала албаган депутат кабинеттен чыгып кетти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Байсалов Бакиевдин маегин сындаган депутаттарга жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0