Кытай дарыгерлери көзгө бекер жасачу операция боюнча кайда кайрылса болот? Дареги

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОфтальмолог көз текшерип жаткан учур. Архивдик сүрөт
Офтальмолог көз текшерип жаткан учур. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Буга чейин сентябрь айында Кытайдан келген дарыгерлердин кыргызстандык 600 жаранга операцияны бекер жасай турганы боюнча кабарланган.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы 12-26-сентябрда кытайлык офтальмологдор элдин көзүн текшерип (катаракта илдети боюнча) жана зарыл болсо операция жасайт. Алдын ала текшерилүү жана жазылуу Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында болот.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы операциянын кайсы жерде жасаларын жана анын шарттарын кошумча билдирди.
Мурда берилген маалыматтарда кытайлык адистерден турган топтун Бишкекте 300, Ош калаасында 300 адамдын көзүнө операция жасары белгиленген.
"Улуттук госпиталдын Көздүн микрохирургиясы боюнча №1 жана №2 бөлүмдөрүндө сентябрдын 12синен 26сына чейин кытайлык офтальмологдор элдин көзүн текшерип жана операция жасайт", — деп айтылган билдирүүдө.
Пациенттерди алдын ала текшерип жана каттоо Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында, 7-августтан 8-сентябрга чейин Тоголок Молдо көчөсү, 1/7 дареги боюнча жүргүзүлөт. Каалоочулар дүйшөмбүдөн ишембиге дейре, саат 9.00дөн 17.00гө чейин келсе болорун кабарлады.
"Келгендердин жанында ким экендигин аныктаган документи жана күбөлүктөрү (пенсионерлигин, майыптыгы бардыгын, баатыр эне экендигин ж.б. күбөлөндүргөн) болушу керек", — деп айтты министрликтен.
Хирург жумуш убагында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Орган алмаштырат. Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди
Жаңылыктар түрмөгү
0