Орган алмаштырат. Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүХирург жумуш убагында. Архивдик сүрөт
Хирург жумуш убагында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Жазылуу
Операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалмакчы.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди. Алар орган алмаштыруу боюнча операция жасашарын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаров көптөгөн кыргызстандыктардын бөйрөк, боор сыяктуу органын алмаштыруу үчүн чет жакка чыгып, бир топ акча коротуп жүргөнү түйшөлтүп келген.
“Мындан улам ал Кыргызстанда трансплантация процессин жолго коюу боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.
Операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалмакчы. Биринчи операция август айына белгиленген. Түркиялык хирургдар жергиликтүү кесиптештерин окутат. Түркияда 25 миң доллардан жасалган операциянын Кыргызстандагы баасы 7 миң доллардын тегерегинде болору айтылды.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Пресс-борбор
Ооруп жатканын адам билбей калат. Министрлик гепатиттин кооптуулугу тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0