Үч адамдын өлүмү: маркум күйөөсүнө үй, биринчи аялына унаа алып берген дешти

© Sputnik / Аяна БайтемироваБишкектин Октябрь райондук сотунда мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев
Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Жазылуу
Жабырлануучу тарап маркум аял убагында Аширалиевдин биринчи үй-бүлөсүн камсыздоого да акча берип турганын билдирди.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиевдин сотунун экинчи отуруму өттү.
Жараянда маркум аялдын энеси көрсөтмө берип, кызы айыпталуучуга жана анын мыйзамдуу аялына автоунаа алып бергенин айтты. Ал сотко катышуу үчүн Баткендин Лейлек районунан келген.
"Чынтемирди мурда көргөм, мага тике карап салам берчү эмес. Кызым менен күнүнө үч маал сүйлөшчүмүн, 16-февралда чалсам албайт. Жүрөгүм жаман болду, Аширалиев эле кылды деп сездим. Себеби андан башка үйүнө чымын да кирчү эмес. Баласы андан экенин кызым айткан. Бул баласы төрөлгөндө качып карабай жүргөн, кийин кайтып келген. Аширалиевди үч жолу көрдүм, башын жерге салып саламдашкан жок. Кызым "баламдын атасы жакшы, ичпейт, чекпейт" деп эч качан жамандачу эмес. Ал Баткенде жүргөндө буга үч балаң менен кыйналасың үй ал деп акча жөнөткөн. Машина да алып берген, берки аялына да балдарын бала бакчага ташыш үчүн унаа сатып берген. Бензинине чейин кызыман акча сурап жүргөн", — деди маркумдун энеси.
Эжеси да айтылгандарды тастыктап, Аширалиевдин биринчи үй-бүлөсүн камсыздоого акча берип турганын билдирди.
"Сиңдим "атабыз жакшы, беш убак намаз окуйт, мечитке жардам берет" дечү. 3-февралда чайханада отурганда "атабыздын телефонуна 100 сом, бензинине 1000 сом котордум" деген. Мындан сырткары, андан акча алганын, ошонун 100 миң сомун темир боюнча иштөөгө жумшайт деп айтты эле. Биринчи үй-бүлөсүнүн балдарынын туулган күнүнө белектерди алганын билем. Бир жолу Дордойдон колготки таппай койгон. Атасы келгенде баласы тынч отуруп калчу, андан коркуп турат дечү. Аширалиев өзүнө да, кийин биринчи аялы бала бакчага барганда кыйналып атат деп ага да унаа алдырган", — деди киши колдуу болгон аялдын эжеси.
Бүгүнкү отурумда каза болгон аялдын апасы, эжеси, кошунасы жана аймактык эки тескөөчү көрсөтмө берди. Сот эртең, 27-июлда, саат 14:00дө дагы уланат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектелип аялдын мурда жарандык никеде жашаган 37 жаштагы күйөөсү Чынтемир Аширалиев кармалган. Буга чейинки сотто айыпталуучу маркум экөөнүн жашап жатканын биринчи аялына айтам деп шантаж кыла бергени үчүн кылмышка барганын айткан.
Колдорунда кармап турган бычак Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Аялы билип калбасын деген... Бишкекте эне-балдардын өлтүрүлүшүнүн чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0