Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акыйкатчы: 25-34 жаштагы жогорку билимдүү кыз-келиндердин 40 пайызы гана иштейт

© Sputnik / Асель СыдыковаАкыйкатчы Жамиля Жаманбаева
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлкөдө кыз-келиндердин эмгек стажын топтошуна бир нече тоскоолдук бар экендигин айтты.
Кыргызстанда ЖОЖдорго тапшырып, жогорку билим алган кыз-келиндердин саны көп экендигине карабай, эмгек рыногуна келгенде кызматта иштеген аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу аз. 2022-жылдагы статистикага көз чаптырсак, өлкөдө мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин 75 пайызы эркектер. Бул тууралуу Жаманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акыйкатчы: 25-34 жаштагы жогорку билимдүү кыз-келиндердин 40 пайызы гана иштейт
Акыйкатчынын айтымында, республикада 25 жаштан 34 жаш куракка чейинки кыз-келиндердин 40 пайызы гана өз кесиби менен иштеп калышат.
"Кыргызстанда кыз-келиндердин иштеп, карьера жасап, эмгек стажын топтошуна бир топ тоскоолдуктар бар. Алсак, алган билимине жараша өз кесиби менен алектенген кызматкерлердин 75 пайызын эркектер түзөт экен. Ал эми 25 жаштан 34 жашка чейинки жаштарды алсак, окуп, билим алган кезде кыздардын саны басымдуу кылганына карабай иштеген аялдардын саны 40 пайызга жетпей калат. Буга биринчи себеп — элдин 80 пайызы аял киши үйдө отурушу керек деген түшүнүктө болушу. Экинчиден, албетте, үй-бүлөдө бала төрөлгөн соң аял киши жумушка чыга албай калат. Эгер катар-катар төрөсө, ошону менен иш тажрыйбасы жоктугунан өз кесибин улантып кете албайт. Ошондуктан учурда биздин институт Эмгек кодексине аялдардын бала багып үйдө отурган учурун эмгек стажы катары эсептөө боюнча өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анткени мындай көйгөйгө көбүнесе айыл жеринин тургундары туш болот экен. 2022-жылдын 1-майындагы статистика боюнча, жумушсуздук менен каттоодо турган адамдардын жалпы саны 44 миңден көп болсо, анын 29 миңден ашуунун элеттиктер түзгөн. Чынында көйгөй мындан да курч десек болот. Баары эле барып жумушсуздук боюнча каттоого тура беришпейт, экинчиден, жеке жактарда иштеп өлкөнүн экономикасына салымын кошуп жаткан аялдар көп. Бирок алардын көбү ишке расмий эмес катталып алышкандыктан бул өзүнчө маселе жаратат", — деди Жаманбаева.
Жаңылыктар түрмөгү
0