Таран ыкмасы менен душманды талкалаган Ысмайылбек Таранчиев. Баатырды эскерүү

© Фото / Архив Семьи ТаранчиевыхСоветтер Союзунун Баатыры учкуч Ысмайылбек Таранчиев жана жолдошу Алексей Ткачев менен. Архив
Советтер Союзунун Баатыры учкуч Ысмайылбек Таранчиев жана жолдошу Алексей Ткачев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Жазылуу
Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин эрдигин биле жүргөнүбүз жакшы. Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына буруп жардырган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Ысмайылбек Таранчиевдин жээни Жекшен Таранчиев жана жубайы Сууракан Мамбеталиева болду.
— Кепти баатыр атабыздын балалыгынан баштасак...
— Таекем 1923-жылы 6-апрелде Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында жылкычынын үй-бүлөсүндө туулган. Ысмайылбек таекем төрт баланын эң улуусу болчу. Андан кийин менин энем Айнике, Мамбеталы жана Светгүл эжекем төрөлөт. Байкемдин жаштыгы кыйын акыбалда өтөт. Апасы төртүнчү кызын төрөгөндөн кийин көп өтпөй оорудан каза болуп калат. Балдарынын баарын экинчи апасы Калипа эрезеге жеткирет. Атасы ал кезде жаш болгондуктан ар кандай жумушта иштейт. Балдарына таалим-тарбия берүүгө колу тийбептир. Калипа апабыздын бул жагынан эмгеги күч. Таекем жаш кезинен өткүр, чынчыл болуп, 1-класска Беш-Күнгөй башталгыч мектебине барып, 5-класстан баштап Кой-Таш айылында бир жыл окуп, жолдун алыстыгынан кыйналып Воронцовкадагы мектеп-интернатында окуйт. Кийин Фрунзе кооператив техникумунда окуп жүргөндө Фрунзе аэроклубунан инструктор келип, балдарды парашюттан секиртет. Адегенде борбор калаадагы "Красная Звезда" атындагы паркта (азыркы генерал Иван Панфилов паркы) атайын орнотулган мунарадан парашют менен секиртет. Андан кийин кээ бирөө мунарага чыккысы келбей коёт. Ал эми Ысмайылбек кайра көгөрүп чыгат. Ошентип 1940-жылы курсант болуп, 1941-жылга чейин Фрунзе аэроклубун бүтүп, согуш башталганда Советтик Армиянын катарына чакырылат. Ошол кезде 18 жашта экен. Ысмайыл байкем 1944-жылы каза болуп калды, ал кезде Мамбеталы байкем үйлөнө элек эле. Үйдө таятам менен таенем жалгыз калгандыктан караан болсун деп мени берип коюшкан экен. Ошондон улам таятамды "ата" деп, таекемди "байке" деп чоңоюп калдым. Таятам билим албаганы менен тыкан, намаз окуган, түз жүргөн киши болгон.
© Sputnik / Асел АкматЫсмайылбек Таранчиевдин жээни Жекшен Таранчиев
Племянник Ысмайылбека Таранчиева Жекшен Таранчиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Ысмайылбек Таранчиевдин жээни Жекшен Таранчиев
— Атасы уулунун согуш талаасында каза болгонун кантип билди?
— 1964-жылы эшиктин алдына журналист аял келди. "Где живет Исмаил?" деп сураганынан таятама которуп бердим. "Балаңар учкуч болуп баатырларча Эстонияда курман болду" дегенде таятам аябай ыйлады. "Уулумдун сөөгү табылбай, куран окулуп, аш берилбей калды" деген арманын айтты. Мен которуп берип турдум. Кийин ошол маекти радиодон берди.
— Согушта жасаган эрдигин эскерсеңиз?
— Таранчиев Оренбургдагы учкучтар мектебинде окуп, 1943-жылдын аягы, 1944-жылдын башында согушка келет. Ленинград фронтуна туш келип, күнүнө 30-35 жолу кан күйгөн согуш талаасына учуп чыгып турат. 1944-жылдын 18-мартында кезектеги аскердик тапшырманы аткарганы Ил-2 учагы менен асманга көтөрүлгөндө душмандын огу тийген. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына буруп, жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "мен акырына чейин сени менен болом, командир. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган. Бул эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Согушта учагын зениткадан атып күйгүзгөн гитлерчилерди көздөй багыт алып жан кечтилик кылган (таран ыкмасы).
© Фото / из семейного архива ТаранчиевыхПамятники героям Советского Союза Исмаилбеку Таранчиеву и Алексею Ткачеву
Памятники героям Советского Союза Исмаилбеку Таранчиеву и Алексею Ткачеву - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
— Бул үчүн бир катар сыйлыктарды алса керек?
— 1944-жылы 20-февралда Ысмайылбек агабыз Ленинград фронтунда көрсөткөн өзгөчө каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз ордени жана Ленинградды коргоо үчүн медалы менен сыйланган.
— Дайын-дарегин кандайча таап, маалыматтарын чогулттуңуздар?
— Атасы ага чейин коргоо министрине да барып баласынын дайынын издеген. Ал киши эч кабарын укпай кете берди. Кийин 1987-жылы үйдө отурсак Назарбек Түнтеев деген тарыхчы келди. Ал кишиге менде көп деле маалымат жок экенин айттым. Анан апама, эжелериме алып барсам алар колдо болгон кагаздарын көргөздү. Ал Подольскиге барып, архивди көтөрөрүн айтып кеткен. Арадан эки ай өткөндөн кийин Эстониядан Таранчиевдин учагы кулаган жерди тапканын айтты. Киностудиядагылар менен бир катар кишилер болуп 1988-жылы эжем, энем болуп барып, ошол жерге эстелик орнотуп келдик. Ал жерге барганда согуштун чыныгы каарын сезгендей болдум, ушунчалык чоң апаат болуптур. Бизди абдан жакшы кабыл алышты. Таекемдин кылган эрдигинен таасирленип, мен да учкуч болгум келген. Бирок таятам сени да жогото албайм деп каршы болуп койду. Байкем менен бирге кызмат өтөгөн Анжелика Кейда аттуу радист аял бар экен. Экөөнүн үйлөнөбүз деген ойлору да болуптур. 1989-жылы ошол айым биздин Беш-Күнгөйдөгү үйгө келип, небереси менен бир айдай жүрүп кетти. Акыркы жолу учууга чыгарында Анжелика байкемди узаткан экен.
© Фото / из семейного архива ТаранчиевыхПамятники героям Советского Союза Исмаилбеку Таранчиеву и Алексею Ткачеву
Памятники героям Советского Союза Исмаилбеку Таранчиеву и Алексею Ткачеву - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
— Эстелик да коюлуптур да...
— Таранчиевдин каармандыгы мамлекеттик деңгээлде баалансын деп генерал Калыйнур Үсөнбеков, карындашы Айнакенин жолдошу Молдокул Исмаилов да көп күч жумшашты. 1987-жылы 23-ноябрда телевидениеден орус тилинде "Наградить посмертно" аттуу көрсөтүү болду. Ысмайылбектин полктошторун таап, алар менен кат жазышып да турдук. Фрунзе заводунун жумушчулары дат баспаган болоттон жазуусу менен плита жасап беришти. 1988-жылы 8-мартта эстелик Эстонияга жеткирилип, Нарванын аскер комиссары менен жергиликтүү уста Геннадий Покачалов бизден бир тыйын албастан орнотушту. 1990-жылы Беш-Күнгөйдөгү Ысмайылбек байкебиз туулган үйдүн жанына МИГ-21 учагы орнотулду. Курман болгон жеринен топурак алып келинип, ошол жерге ташталды. Ошол кезде байкеме куран окуп, аш бердик. Андан бери учак эки жолу реставрация болду. Чогуу каза болгон аткыч, кенже сержант Алексей Ткаченконун жакындарын Смоленск облусундагы Ярцево районунун Щуплино айылынан издедик. "Биздин жеңиш" уюму айылын тапкан. Тилекке каршы, кыштак согушта жок болгон экен. Бирок ал кишиге арналып арча тигилип, эстелик коюлду. Канттагы авиабаза Алексей Ткачевдин бюстун жасап, биз Ысмайыл Таранчиевдикин жасатып Беш-Күнгөй орто мектебинин жанына 2021-жылы орнотулду. Мугалимдердин демилгеси менен 2000-жылы Беш-Күнгөй орто мектеби да Ысмайыл Таранчиевдин наамын алган. Экөөнүн ысымы эки көчөгө берилген. Тарыхчы Назарбек Түнтеевдин эмгеги абдан чоң. Ага чейин биз маалымат таппай үмүт үзүп калганбыз. Байкем согушка кеткенде бир туугандары жаш балдар болчу.
— Ал кишиге мүнөздөмө деле бере албайт турбайсыздарбы?
© Sputnik / Асел АкматЖекшен Таранчиевдин жубайы Сууракан Мамбеталиева
Супруга Жекшена Таранчиева Сууракан Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Жекшен Таранчиевдин жубайы Сууракан Мамбеталиева
Сууракан Мамбеталиева: — Анжелика Кейда көзү-башы бакырайган, жакшынакай 60 жаштардагы байбиче экен. Денис аттуу 10 жашар небереси менен келген. Ал кезде жаш болчубуз. Азыр болсо ийне-жибине чейин сурамакпыз да. "Согуш деген согуш. Жашпыз. Мен 18де, ал 21 жашта эле. Бир көз ирмемге тынчтык боло калса, бири-бирибизди карай ашыкчу элек. Мурда да издеп келгем, бирок эч жерден таппай кеттим. Көрсө баатырдык берилбей калган турбайбы" — деди. Ата-энеси деле 1982-жылы кайтыш болду, баласынын баатырдыгын билбей кетти. Улуу байкебиз да өтүп кетти. Бул кишилерден эркек тукум калбай калды. Ошол себептен жээнин багып алышкан. Азыр Пригородный айылындагы "Ысмайыл Таранчиев" атындагы сейил багына жер бөлүп берилди. Быйыл легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү.
Ысмайылбек Таранчиев менен Алексей Ткаченкого арналган эстелик. Аламүдүн району, Беш-Күңгөй айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Өлөрүн билип душманга бет алып... Эрдиги архивден табылган Ысмайыл Таранчиев
Жаңылыктар түрмөгү
0