Өлөрүн билип душманга бет алып... Эрдиги архивден табылган Ысмайыл Таранчиев

© Sputnik / Аяна БайтемироваЫсмайылбек Таранчиев менен Алексей Ткаченкого арналган эстелик. Аламүдүн району, Беш-Күңгөй айылы
Ысмайылбек Таранчиев менен Алексей Ткаченкого арналган эстелик. Аламүдүн району, Беш-Күңгөй айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуш башталганына 82 жыл болот. Бул кан майданга 300 миңден ашуун кыргызстандык аттанып, 100 миңден ашык жердешибиз курман болгон.
Тилекке каршы, бүгүнкүгө чейин кыргызстандыктардын эрдиги тууралуу маалыматтар такталып бүтө элек. Легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин көмүскөдө калган каармандыгы жөнүндө белгилүү тарыхчы Назарбек Түнтеев 1987-жылы документтерин архивден таап, ага Советтер Союзунун Баатыры наамынын ыйгарылышына чоң эмгек жасаган. Тарыхчы менен колумнист Алмаз Батилов баарлашып, жердешибиздин эрдиги кандай изилденгенин уккан.
© Фото / из личного архива Назарбека ТунтееваТарых илимдеринин кандидаты Назарбек Түнтеев. Астана. 2016-жыл.
Кандидат исторических наук Назарбек Тунтеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Тарых илимдеринин кандидаты Назарбек Түнтеев. Астана. 2016-жыл.
— Ысмайылбек Таранчиевдин эрдигин кандай болуп изилдеп калдыңыз?
— 1986-жылы мага Кыргыз ССРинин ДОСААФынын Борбордук комитетинин төрагасы, генерал Калыйнур Үсөнбековдун орун басары, полковник Тарас Токомбаев кайрылды. "Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылынын кулуну Ысмайылбек Таранчиев кан майданда каза болуптур. Анын чоо-жайын изилдеп көрбөйсүңбү. Туугандары мага келип, кайсы жерде кызмат өтөгөнүн, сөөгү кайсы жерде коюлганын таап бериңизчи деп суранып жатышат" деди. Мен ишке киришип, Фрунзе аэроклубунун архивин изилдей баштадым. Ал жактан Таранчиев 1940-жылы декабрда аталган аэроклубдун катарына курсант болуп кабыл алынганын жана үйүнүн дарегин таптым. Беш-Күнгөй менен Ивановка айылдарына барып, карындашы Айнаке, жээни Жекшен менен тааныштым. Тилекке каршы, алар Ысмайылбек жөнүндө жарытылуу маалымат бере алган жок. Анткени Таранчиев согушка аттанганда Айнаке эже жети жашта экен.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР / Евгений ХалдейФрунзе аэроклубунда учак менен машыгуу учуру. Фрунзе. 1941-жыл.
Аэроклуб имени Фрунзе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Фрунзе аэроклубунда учак менен машыгуу учуру. Фрунзе. 1941-жыл.
Карындашы агасынын достору жана аны тааныган адамдардын даректерин берген. Ысмайылбектин кандайча аскердик учкуч болуп калганын бала кездеги досу Түйтөн Молдобаев айтып берди. "Бала кезинен эр жүрөк жана достукка бекем болчу. Айылдашыбыз Бектемирдин үйүнүн чатырынан коньки менен чаңгы тээп жерге түшчү. Ошондо эле учкуч болсом деген ою бар окшойт. 1940-жылы бешкүнгөйлүк бир нече өспүрүм Фрунзе кооперативдик техникумуна өттүк. Ошол эле жылы күзүндө техникумга аскердик учкуч келип Фрунзе аэроклубуна чакырды. Биз макул болдук. Адегенде борбор калаадагы "Красная Звезда" атындагы паркта (азыркы генерал Иван Панфилов паркы) атайын орнотулган мунарадан парашют менен секирдик. Андан кийин кээ бирөөбүз мунарага чыккыбыз келбей койду. Ал эми Ысмайылбек кайра көгөрүп чыкты" деп эскерди.
Таранчиев согушта учагын зениткадан атып күйгүзгөн гитлерчилерди көздөй багыт алып жан кечтилик кылганы (таран) тууралуу материалдарды топтодум. 1987-жылы мартта Ысмайылбек тууралуу журнал менен гезиттерде чыккан материалдардын негизинде "Советтик Кыргызстан" басылмасына макала жаздым. Андан ары илимий изилдөөмдү уланттым. 1941-жылы жайында Беларуста мындай баатырлыкты алгачкылардан болуп аскердик учкуч, капитан Александр Маслов экипажы менен жасаган. Согуштун жүрүшүндө аны 508 учкуч кайталаган. 1945-жылы 8-майда эң акыркы болуп таран ыкмасын Польшанын Хель калаасынын жанында Балтика флотунун учкучу, ага лейтенант Анатолий Романов жасаган экен. Ал учагы менен фашисттик кемени жардырган.
— Подольск шаарында СССРдин Коргоо министрлигинин аскердик архиви жайгашкан эмеспи. Ушул жактан көп маалымат тапсаңыз керек?
— Бул максатта ошол эле жылы майда иш сапар менен Москвага учтум. Кечинде мейманканага жайгашып, 13-аба күчтөр армиясынын 566-чабуул коюучу Солнечногорск полку (ШАСП) деген транспарант даярдадым. Бул аскердик бөлүктө Таранчиев кызматын өтөгөн. 9-майда жогорудагы транспарантты көтөрүп алып Максим Горький атындагы борбордук маданият жана эс алуу паркына бардым. Бул паркта Жеңиш күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери чогулчу. Ар кайсы гезиттин кабарчылары келип мени сүрөткө тартып, кайдан келгенимди сурап жатышты. Мен эмне маалымат издеп жатканымды кыскача түшүндүрдүм. Бирок Таранчиевдин полктошторунан эч ким келген жок. Бир аз убакыттан кийин мага эки полковник келди. Экөө тең Советтер Союзунун Баатыры экен. "Сиз бул жерден эч кимди таба албайсыз, бул полктун ардагерлери Ленинградда чогулушат" дешти.
© Фото / из личного архива Назарбека ТунтееваТарых илимдеринин кандидаты Назарбек Түнтеев (сол жактан бешинчи). Астана. 2017-жыл 9-май.
Кандидат исторических наук Назарбек Тунтеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Тарых илимдеринин кандидаты Назарбек Түнтеев (сол жактан бешинчи). Астана. 2017-жыл 9-май.
Андан соң Подольск шаарындагы жайгашкан СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн архивине бардым. Ал жерден жооптуу кызматкер Иван Баскаков менен тааныштым. Иван Семенович аскердик кызматын Фрунзеде өтөптүр, кызы да биздин борбор калаада жашап жатканын айтып, мага колунан келген жардамын көрсөттү. Таранчиев кызмат өтөгөн 566-чабуул коюучу авиациялык полктун аскердик журналын алып, анын ичинен кызыктуу фактыларды дептерге көчүрдүм. Андан кийин Таранчиевдин өздүк ишин алып келишти. Анда ага тиешелүү кызматтык мүнөздөмөлөр, жеке документтери жана конверттин ичинде 3x4 кенже лейтенант формасын кийип түшкөн сүрөтү бар экен. Сыягы, 1944-жылы 22-февралда Советтик армиянын күнүнө карата сүрөткө түшкөн окшойт. Мындай сүрөт туугандарында жок болчу. Баскаковдун уруксаты менен архивдин жанындагы фотоательеден сүрөттүн бир нече нускасын жасаттым. Ошол эле архивдик материалда Таранчиевди Советтер Союзунун Баатырлыгына сунуштаган мүнөздөмөнү таптым. Бул мүнөздөмөдө 1944-жылы 20-февралда Ысмайылбек Ленинград фронтунда көрсөткөн өзгөчө каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз ордени жана Ленинградды коргоо үчүн медалы менен сыйланганы айтылыптыр. 1944-жылы 18-мартта Эстониянын Ластеколония чөлкөмүндө Таранчиев айдаган Ил-2 учагын немецтер зениткадан атып, күйгүзүшкөн. Ысмайылбек душмандар ээлеген аймактан чыгууга мүмкүн болбой калганына көзү жеткендиктен учагын душмандын май куюучу жайында топтолгон танкаларга багыттаган. Анын натыйжасында фашисттерддин беш танкасы менен үч май куюучу автоунаасы жок кылынган. "Бул өзгөчө эрдиги үчүн кенже лейтенант Таранчиев Советтер Союзунун Баатыры деген наамга сунуштайм" деп 1944-жылы 20-мартта 13-аба күчтөр армиясынын 566-чабуул коюучу Солнечногорск полкунун (ШАСП) командири, майор Николай Домущей мүнөздөмө жазган экен. Бул сунушту анын жетекчиси 277-Красносельский авициялык дивизиянын полковниги Федор Хатминский колдоп документке кол коюп, 13-аба күчтөрүнүн армиясынын кол башчысы, генерал-лейтенант Филип Рыбальченкого жөнөтөт. Тилекке каршы, Рыбальченко Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени менен сыйлансын деп кол койгондуктан ушул сыйлык гана ыйгарылып калган.
— Нарва-Таллин жолунда Таранчиевдин эстелигин коюу демилгесин көтөргөн турбайсызбы?
— Ооба. 1987-жылы 17-майда Ысмайылбектин каза болгон жерин аныктоо үчүн Эстониянын Нарва калаасына келип, кокусунан азербайжан Шамил Алиев менен тааныштым. Ал Нарвада кездеме чыгарчу фабрикада сүрөтчү экен. Шамилге кандай максатта келгенимди айтсам ал бүт жумушун таштап, мени Ластеколония аймагына автоунаасы менен алып барды. Экөөбүз Таранчиев каза болгон жерди көрсөтө алчу жергиликтүү тургундарды издедик. Бир аз убакыттан кийин жергиликтүү жашоочу Арнольд Кийутсарды таптык. Ал Ысмайылбек фашисттердин беш танкасы менен үч май куюучу автоунаасы жок кылган жерди көрсөттү, Нарва-Таллин жолунун 20-чакырымы экен. 1944-жылы февралдан баштап августка чейин гитлерчилер менен айыгышкан салгылашта Кызыл армия алдыга жыла албай койгон. 100 миңден ашык советтик жоокер курман болду деп 2-сокку уруучу армиянын колбашчысы, генерал Иван Федюнинский эскерген. Ысмайылбек эрдик кылган жерге убактылуу бир белги коюу абзел деп Алиев менен кеңештим. Шамил дароо макул болду. Бул маселе боюнча Нарвагаздын жумушчуларына кайрылдык, алар темирден белги жасап беришти. Текстти өзүм жаздым. Алиев темирге чегип берди. Эртеси нарвалык журналисттер, Арнольд Кийутсара, Шамил менен биргеликте жолдун боюндагы төрт кайыңдын арасында койдук.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРГитлердин запкысынан Болгария менен Югославияны бошоткон кыргызстандык жоокерлер.
Изгнание фашистских оккупантов из Болгарии и Югославии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Гитлердин запкысынан Болгария менен Югославияны бошоткон кыргызстандык жоокерлер.
— Таранчиевге Советтер Союзунун Баатыры наамы кандай болуп берилди?
— Кыргызстанга келген соң бийлик менен коомчулукка Ысмайылбектин эрдиги жөнүндө маалыматты ар түрдүү инстанциялар менен телевидениеден жеткирүүгө аракет кыла баштадым. Таранчиевдин каармандыгы мамлекеттик деңгээлде баалансын деп генерал Калыйнур Үсөнбеков, карындашы Айнакенин жолдошу Молдокул Исмаилов да көп күч жумшашты. 1987-жылы 23-ноябрда телевидениеден орус тилинде "Наградить посмертно" аттуу көрсөтүү болду. Ысмайылбектин полктошторун таап, алар менен кат жазышып, жолуктум. Чогуу каза болгон аткыч, кенже сержант Алексей Ткаченконун жакындарын Смоленск облусундагы Ярцево районунун Щуплино айылынан издедим. Тилекке каршы, кыштак согушта жок болгон экен. Дал ушул себептен жакын туугандарын таба алган жокпуз деп жогорудагы райондун аскер комиссары, подполковник Крапкодон (аты-жөнү эсимде жок) жооп келди. Күзүндө Таранчиевдин туугандары Эстонияда анын элесине арнап темирден жасалган мамы (обелиск) тургузалы деп чечип, Фрунзе заводунун жумушчулары дат баспаган болоттон жазуусу менен плитаны жасап беришти. 1988-жылы 8-мартта эстелик Эстонияга жеткирилип, Нарванын аскер комиссары менен жергиликтүү уста Геннадий Покачалов бизден бир тыйын албастан эстеликти орнотушту. 18-мартта Ысмайылбектин жакын туугандары, КТР журналисттери, жергиликтүү бийликтин өкүлү, мектеп мугалимдери, окуучулары менен эстелик салтанаттуу ачылды. Таранчиевдин урматына аскерлер үч жолу асманга ок атышты.
© Фото / из личного архива Назарбека Тунтеева1991-жылы 8-майда Ысмайылбек Таранчиевдин карындашы Айнакеге агасынын Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгаруу тууралуу СССРдин президенти Михаил Горбачёвдун жарлыгы окулуп, Ленин ордени менен Алтын Жылдызы жана грамотасы берилгенден кийин. Илимпоз Назарбек Түнтеев (сол жактан 2-катарда жетинчи). Бишкек, Ак үй. 1991-жыл 8-май.
Награждение Ысмайылбека Таранчиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
1991-жылы 8-майда Ысмайылбек Таранчиевдин карындашы Айнакеге агасынын Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгаруу тууралуу СССРдин президенти Михаил Горбачёвдун жарлыгы окулуп, Ленин ордени менен Алтын Жылдызы жана грамотасы берилгенден кийин. Илимпоз Назарбек Түнтеев (сол жактан 2-катарда жетинчи). Бишкек, Ак үй. 1991-жыл 8-май.
1990-жылы СССРдин Коргоо министрлигинин алдындагы авиациялык кадрларды даярдоо боюнча 5-Борбордук курстардын жетекчиси, полковник Виктор Белоцкийге Беш-Күнгөйдө Таранчиев менен Ткаченкого арнап аскердик учактан эстелик койсок болот эле деп кайрылдым. Сунушум колдоого алынып, Беш-Күнгөйдө Ысмайылбектин үйүнүн жанында МИГ-21 учагы коюлду. КТР Ысмайылбек жөнүндө даректүү тасма тартып, Одессада патриоттук темага арналган конкурста экинчи орун алышты. Таранчиевге СССР Баатыры наамынын ыйгарылышына Апсамат Масалиев, Калыйнур Үсөнбеков, Аскар Акаев жана Эднан Карабаевдин эмгеги көп. 1991-жылы 8-майда Ак үйгө Ысмайылбектин карындашы Айнаке, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, мамлекеттик ишмерлер болуп чакырылдык. Ушул салтанатта Айнаке эжеге агасына Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу СССРдин президенти Михаил Горбачёвдун жарлыгы окулуп, Ленин ордени менен Алтын Жылдызы жана грамотасы берилди. Ошол салтанаттуу кечеде Акаевден наамды кантип алганын сурасам, Горбачевго үч ирет киргенин айтты. Ошентип менин төрт жылдык эмгегим үзүрүн берди. Бир аз убакыттан кийин КР Ардактуу грамотасы менен сыйландым. 2004-жылы Ысмайылбек Таранчиев тууралуу "Наградить посмертно" аттуу китебимди аскердик учкуч полковник Сайфутдин Азизовдун финансылык көмөгү менен чыгардым.
Кривоноговдун Брес чебинин коргоочулары сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Брест чебин коргогон кыргыз полку. Германиянын архивинен табылган тарых
Улуу Жеңишке кайраты, ар-намысы менен жеткен кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2023
Улуу Жеңишке кайраты, ар-намысы менен жеткен кыргызстандыктар. Сүрөт түрмөк
Жаңылыктар түрмөгү
0