ЖМК: АКШ Кыргызстанга карата экономикалык чараларды көрөт. Себеби

© AP Photo / Jose Luis MaganaКапитолий. Архивдик сүрөт
Капитолий. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Жазылуу
Басылмадагы маалыматтарга караганда, бул кадамга америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкекке "айлап жасаган сапарларынын майнапсыз" болушу өзүнүн кесепетин тийгизген.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ак үй Кыргызстанды Россияга санкция салынган товарларды ташып кирүүсүн токтотууга мажбурлаш үчүн экономикалык чараларды даярдап жатат. Бул тууралуу РИА Новости Washington Post басылмасына таянып кабарлады.
Гезит бул маалымат "кабары бар америкалык аткаминерлерден" алынганын айтты.
Буга чейин ЕБ өкүлдөрү Евробиримдиктин өлкөлөрүнөн Борбор Азиянын айрым мамлекеттерине, анын ичинде Казакстан менен Кыргызстанга, ошондой эле Арменияга жана бул өлкөлөрдөн Россияга соода агымынын "шектүү" өсүшү байкалганын белгилешкен.
"Президенттин (Жозеф Байден — ред.) администрациясы өлкөнү сооданы токтотууга мажбурлаш үчүн жаңы экономикалык чараларды даярдап жатат", — деп жазылган басылманын макаласында.
Аткаминерлердин айтымына караганда, бул кабар ушул жумада жалпыга маалымдалышы мүмкүн.
Басылма мындай кадамга америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкекке "айлап жасаган сапарларынын майнапсыз" болушу таасирин тийгизгендигин белгилеген.
Ал арада гезит Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен аталган маселе боюнча комментарий алган. Анда Москва менен сооданын көбөйүшү бир жагынан өлкөлөр арасындагы товарлардын өтүшүн, кыймылын көзөмөлдөгөн электрондук системанын өркүндөп, жакшырышынан улам болгону айтылган.
"Кыргызстан менен Россия Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү жана жалпысынан алганда Россия — биздин негизги өнөктөштөрүбүздүн бири", — деп басылмага элчиликтин кызматкери жооп бергенин жазган.
Россия Федерациясы Батыштын Россияга бир нече жыл мурда жасап баштаган жана күчөп жаткан санкциялык кысымына өлкө туруштук берерин айтып келет. Москва салган санкциялары ийгиликсиз болгонун мойнуна алууга Батыштын эрки жетпестигин белгилеген. Алардын өздөрү да антироссиялык чектөөлөр майнапсыз болуп жатканын бир нече ирет айткан жайы бар. РФ лидери Владимир Путин Россияны алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү, стратегиялык саясаты экендигин белгилеген. Санкциялар дүйнө экономикасынын капталын эңшерип түштү. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу.
Товарды фурага жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Батыштын жолу буулуп... Кыргыз товарларын Россияга ташычу жаңы коридор тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0