Жолболду Алыбаев — өмүр баяны

© Фото / из семейного архива ЭшпаевыхЖолболду Алыбаев (ортодо). Архив
Жолболду Алыбаев (ортодо). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Жазылуу
КР эл артисти, обончу, аткаруучу, залкар акын Жолболду Алыбаев 1947-жылдын 24-декабрында Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи май айылында жарык дүйнөгө келген.
Атасы Парпи, апасы Раиля ак эмгеги менен эки кыз, бир уулду тарбиялаган жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгон. Жылалды айылындагы Макаренко атындагы орто мектепти аяктаган. 6-7 жашынан тартып эле колуна комуз кармап, ыр дүйнөсүнө аралашкан.
Мектепти аяктагандан кийин 1965-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетинде окуган. Анын обон чыгарууга болгон ышкысы институтта окуп жүргөндө ойгонуп, обончу, композитор Рысбай Абдыкадыровдун жеке өзүнөн таалим-тарбия алуусу ага чыгармачылык дем берген.
1970-2000-жылдары Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында, маданият техникумунда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген.
2000-жылдан азыркыга чейин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу, Рысбай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда артист болуп эмгектенип, жаштарды тарбиялоодо опол тоодой салым кошууда.
Эл артисти 100дөн ашуун дастан, 300гө жакын обон жаратып, учурда улуттун жүзү, элибиздин сыймыгы. Анын "Караматхан", "Сүйгөнүмө" сыяктуу ондогон обондору Кыргыз радиосунун "Алтын казынасына" жазылып алынган.
Ыр, санат, дастан, термелерден турган төрт жыйнактын автору.
1983-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1995-жылы "Манас-1000" медалы менен сыйланган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2003-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары ыйгарылган.
Аккордеондун, кийин комуздун коштоосунда "Эне тилим", "Апама", "Туулган жерге", "Дилбарай", "Кыздар", "Ѳзбек кызына", "Кош алма", "Чолпонум", "Арман", "Рыспайга кат", Жеңижоктун "Кѳк сулуу", "Балам жок", Барпынын "Мырзайым", "Буракжан", "Жарга жыгылса суу", Корголдун "Сен, сен дүйнѳ", Молдо Нияздын "Даткайым", Нурмолдонун "Ѳмүр", элдик "Акжамал" жана башка ыр, дастандарды азыркыга чейин аткарат. Калыгулдун "Тар заманын" ырчылардын ичинен алгачкылардан болуп ырдап чыккан.
"Кербезим", "Эр Манастай болуңуз", "Кайрылуу", "Айрылышпа кыргыздар", "Дана кыз" аттуу ырлары акындын жаңы чыгармалары.
Сүйүү гимнине айланган "Чолпонум" дастаны 290 саптан турат.
Комузда ойноп жаткан карыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Токтогул ырчы — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0