Токтогул ырчы — өмүр баяны

© Sputnik / Сергей СубботинКомузда ойноп жаткан карыя. Архив
Комузда ойноп жаткан карыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
Байыркы Токтогул ырчынын качан туулуп, качан өлгөндүгү тууралуу так маалымат жок. Бирок тарых барактарында изи калган Жаныбек хан, Тимурдун тушунда жашагандыгы тууралуу айрым уламыштарда айтылып жүрөт.
Элдик уламыштарда "Жаныбек хандын убагында Жээренче чечен, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Алдар Көсө деген эл шайырлары болгон" деп, аны төмөнкү ыр тастыктап турат:
Жер жалмаган неченди,
Күткөн экен Жаныбек.
Жээренче деген чеченди,
Урмат кылып күтүптүр.
...
Токтогул деген ырчыны,
Толубай деген сынчыны...
Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун фондунда сакталып калган бул маалыматтарга таянсак, Жаныбек хан окумуштуу ойчулдарды, сөзгө чебер чечендерди, кара кылды как жарган калыстарды коноктоп турганы айтылат.
Жаныбек хан – 1340-жылдан 1357-жылга чейин казак-кыргызда хандык кылган. 1357-жылы өз уулу Бердибектин колунан курман болот. Демек, Токтогул ырчы Жаныбек хандык кылып турган мезгилде, тактап айтканда, 1340-1357-жылдары атагы чыгып турган ырчы болсо, болжолдуу түрдө 1320-жылы туулган деп айтууга болот.
Ошол эле маалыматтарда Орто Азияны Тимур бийлеп турганда, болжол менен 1368-1405-жылдары, каардуу Тимурдун бийлигинен азап тарткан кыргыздардын арасында Токтогул ырчы болгон деп жазылат.
Башка булактарда Токтогулдун бетке чаап, тике айткан сөзүнөн Жаныбек хан эл алдында уят болуп, аны мойнуна зоолу салдырып, айдатып жиберген деген маалыматтар бар. Ал Жаныбек хан өлгөндөн кийин гана эркиндикке чыгат. Бул мезгил болжол менен 1357-жылга туура келет.
Байыркы заманда жашаган Токтогул ырчынын тагдыры оор азап менен өткөнү байкалат. Ал элдин эркиндигин талашкан адилет акын катары элдик оозеки чыгармачылыкта сакталып, жомок болуп айтылып калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0