Садыр аке — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековТеатралдык иш-чара. Архив
Театралдык иш-чара. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Садыр аке Жолболду уулу 1821-жылы жарык дүйнөгө келген.
Ысык-Көлдөн чыккан жети аке тууралуу даңаза узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кеткен. Аке деген даража аларга эл тарабынан билгичтиги, акылмандыгы, калыстыгы, ар бирине тиешелүү жеке касиети үчүн берилген.
Садыр аке Жолболду уулу 1821-жылы туулуп, 1905-жылы дүйнөдөн кайткан. Уруусу — саяк, уругу — кожояр. Анын өмүрү Ысык-Көлдүн Кичи-Ак-Суу, Чоң-Ак-Суу деген жерлеринде өткөн. Сөөгү Кожояр айылына коюлган.
Садыр аке 1870-жылы Верный, Пишпек, Ташкент шаарларында өткөн Россия – Кытай чек ара сүйлөшүүлөрүнө катышып, кыргыз жерин коргоп калууга жан үрөгөн. Анын акылмандыгы, жол тапкычтыгы, адилеттүүлүгү элдин ич ара ыйкы-тыйкысына бөгөт болгон. 1873-жылы Кара-Ой жана Сары-Ой болуштугунун бийи болуп шайланган.
Садыр акенин нускалуу кеби, акыл-насааты, элге берген батасы бүгүнкүгө чейин аңыз болуп айтылып жүрөт.
Быйыл 200 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткан тарыхый инсандын күмбөзү 1991-жылы (170 жылдыгына карата) урпактары тарабынан тургузулуп, эскерүү мааракеси өткөн. 2014-жылы күмбөздүн жанына колодон эстелиги орнотулат. Ал эми 2016-жылы анын 195 жылдыгына карата Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Садыр акенин кыргыз тарыхындагы орду" деген темада илимий-практикалык конференция жана "Садыр аке" деген китептин бет ачары, гезит-журналдарга чыккан макалалардын, фотодокументтердин негизинде сүрөт көргөзмө болгон. Бул иш-чараны "Кожояр-Ата" коому уюштурган.
Ысык-Көл районунда Садыр акенин ысымында айыл, Кожояр айылында көчө бар. Бишкек шаарынын да бир көчөсүнө аты коюлган.
Комузда ойноп жаткан карыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Токтогул ырчы — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0