Пияз менен сарымсактын экспорту 2,5 эсеге өстү. Кайсы өлкөлөр сатып алууда?

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүПияз сатуу. Архив
Пияз сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Жазылуу
Анткен менен бул жашылчалар былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу кыйла арзандаган.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда пияз менен сарымсактын экспорту 2,4 эсе өстү. Бул тууралуу Статкомдун маалыматында айтылат.
Ушул жылдын январынан апрель айына чейин аталган жашылчалардын түрүнөн 2,6 миллион долларга 11 159 тонна сатылган.
Алган өлкөлөр:
Афганстан — 7 120,7 тонна;
Беларусь — 1 412,2;
Германия — 855,9;
Грузия — 520,4;
Казакстан — 332;
Монголия — 291,3;
БАЭ — 255,2;
Пакистан — 176;
Польша — 172,9;
Россия — 22;
Сербия — 0,4.
2022-жылдын ушул мезгилинде республика 4,1 миллион долларга 4, 624,4 тонна пияз менен сарымсак саткан. Башкача айтканда, быйыл көп экспорттолгону менен баасы төмөн болду. Эскерте кетсек, былтыр Өзбекстан менен Пакистанда түшүм жакшы болбой, импорттун көлөмүн көбөйтүшкөн. Бааны ооздуктап, дефицитти алдын алуу үчүн Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан пияздын экспортуна тыюу салган. Кыргызстанда эмбарго 2022-жылдын февралынан тарта 6-мартына чейин созулган.
Эт базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Кайсы азык-түлүктү каякка сатуу керек? ЕЭК сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0