Кайсы азык-түлүктү каякка сатуу керек? ЕЭК сунушу

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЭт базары. Архив
Эт базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
Анализдин жыйынтыгы менен ЕАЭБде өндүрүлгөн бир катар азык экспорттук потенциалга ээ экени аныкталган.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого боло турган бир катар товарлардын тизмесин түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жасалган анализдин жыйынтыгы менен төмөнкү азык-түлүктөр экспорттук потенциалга ээ экени аныкталган:
эт азыктарын (уй, чочко, куш эти) Вьетнам, Катар, БАЭ, Кытай, Өзбекстанга сатса болот;
балыкты Египетке, Кытай, Таиланд жана башка өлкөлөргө;
сүт азыктарын (сүт, каймак, сыр, кам каймак) Вьетнам, Египет, Израиль, Кытай, Оман, Сауд Арабиясына;
дан өсүмдүктөрүн (буудай, арпа, жүгөрү) Вьетнам, Кытай, Иордания, БАЭ, Марокко, Тунис, Түркияга жөнөтүүгө болот.
Толук тизме менен кененирээк таанышып алуу мүмкүн.
Айнек чыгаруучу завод кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
ЕАЭБде Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыга чыкты. Сандар
Жаңылыктар түрмөгү
0