Жайкысын илип алма бут кийим ден соолукту талкалайт. Адистин пикири

© Фото / Pexels / Andrea Piacquadio Кыз кумда илип алма бут кийим жанында отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз кумда илип алма бут кийим жанында отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
Остеопат жайкы бут кийимди тандоого өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт. Анткени мындан ден соолук да көз каранды.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жайкысын жеңил-желпи жана жөнөкөй кийим менен бут кийимдерге качырат эмеспизби. Бирок биз көнүп калган кадимки бутка илип алма тапичкелер ден соолукка өтө зыяндуу экенин "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде остеопат Владимир Животов айтты.
"Көл жээгинде эс алып жатканда же мончодо, албетте, илип алма бут кийимден өтөрү жок. Бирок аны күнүмдүк бут кийимге айландыра көрбөңүз. Акырындык менен ден соолугуңуздан ажырап калышыңыз мүмкүн", — деди дарыгер.
Ошондой эле ал мындай бут кийимдин кемчиликтерин тизмектеди:
буттан түшүп калбаш үчүн дайыма манжалар бир аз ийилип, булчуңдар тырышып турат;
мындан улам булчуңдардын чыңалуусу буттун учунан баштап, акырындык менен өйдө көтөрүлүп отуруп, узак убакыт кийсеңиз, моюнга чейин жетиши мүмкүн;
чыңалуудан улам организмде зат алмашуу бузулат;
күндүн соңунда адамдын бели, башы ооруйт.
Көз айнекчен жана телефон кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Күндөн коргоочу көз айнекти төрт мезгилде тең тагынуу керек. Офтальмологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0