Улгайган адамдар кара моюл жесин. Диетологдун кеңеши

© Фото / Pexels / veeterzyКара моюл. Архив
Кара моюл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жазылуу
Кара моюлда көптөгөн пайдалуу заттар камтылган.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жашы өтүп калгандар кара моюл жесе көзүнүн көрүүсү жакшырып, кан басымы төмөндөйт. Бул тууралуу "Известия" терапевт, диетолог Маргарита Королевага таянып жазды.
Кара моюлда көптөгөн пайдалуу заттар камтылган. Андагы антоцианиндер жана биофлавоноиддер кан тамырларды бекемдөөгө жардам берет.
Мындан тышкары, сезгенүүгө каршы оң таасирин тийгизет.
Королеванын айтымында, кара моюлдагы биофлавоноиддер мээнин иштешин жакшыртып, Паркинсон, Альцгеймер жана склероз ооруларынын өрчүп кетишин алдын алат.
Ошондой эле мөмөлөр, анын ичинде кара моюл онкологиялык ооруларды алдын аларын кошумчалаган. Андан сырткары, теринин, чачтын, тырмактын абалын жакшыртат.
Туз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Дарыгер тузду ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0