Кыргызстанды индустриялаштырган "Интергельпо". Сейрек архивдик сүрөттөр

Жазылуу
Мындан 98 жыл мурда өлкө аймагына миңдеген чехословакиялыктар келип кыргыздардын өнөр жайына чыйыр салган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол кездеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Советтер Союзу маалында эл арасында кеңири таанылган "Интергельпо" кооперативи Чехословакияда 1924-жылы түзүлүп, Кыргызстанга 1925-жылы апрель айынын соңунда келген. Коммунисттерге кол сунуу үчүн чогулган топ Жилина шаарынан поезд менен сапарга чыгып, бир айдан кийин Пишпек станциясына келип токтошкон. Алар өздөрү менен кошо өз акчаларына Европада сатып алган техника, жабдууларын да жүктөй келип, борбор калаада курулуштарды баштап бир катар өндүрүштүк ишканалардын пайдубалын түптөгөн. Бөтөн жерден келгендерге жергиликтүү бийлик Пишпек станциясынын жанынан 43 гектар жер бөлүп берип, аларды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүргөн.
Бала-бакырасы менен келген чехословакиялыктардын арасында немец, венгерлер да болгон. Күжүрмөн чет элдиктер Кыргызстанда ошол эле жылы механикалык жана столярдык устакана, тери иштеткен завод, электростанция, тактай тилген ишкананы ишке киргизип, жаш автономдук облусту индустриялаштырган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Жилина шаарынан Фрунзеге жолго чыккан “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрү

Жилина шаарынан Фрунзеге жолго чыккан “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
1/20

Жилина шаарынан Фрунзеге жолго чыккан “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрү

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Чехословакияда элге үгүт кылган учур. Алар кезинде баарын таштап Кыргызстанга кол сунганы келген

Чехословакияда элге үгүт кылган учур. Алар кезинде баарын таштап Кыргызстанга кол сунганы келген - Sputnik Кыргызстан
2/20

Чехословакияда элге үгүт кылган учур. Алар кезинде баарын таштап Кыргызстанга кол сунганы келген

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кооперативдин ар бир мүчөсү 5000 крондон чогултуп, анын бештен эки бөлүгү Кыргызстанга жетүү үчүн жумшап, калган 3000 кронго түрдүү техника, жабдууларды алган

Кооперативдин ар бир мүчөсү 5000 крондон чогултуп, анын бештен эки бөлүгү Кыргызстанга жетүү үчүн жумшап, калган 3000 кронго түрдүү техника, жабдууларды алган - Sputnik Кыргызстан
3/20

Кооперативдин ар бир мүчөсү 5000 крондон чогултуп, анын бештен эки бөлүгү Кыргызстанга жетүү үчүн жумшап, калган 3000 кронго түрдүү техника, жабдууларды алган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

“Интергельпочулардын” алгач тобу 1925-жылы келип, кийин биротоло миңден ашык адам Кыргызстанда орун-очок алган

“Интергельпочулардын” алгач тобу 1925-жылы келип, кийин биротоло миңден ашык адам Кыргызстанда орун-очок алган - Sputnik Кыргызстан
4/20

“Интергельпочулардын” алгач тобу 1925-жылы келип, кийин биротоло миңден ашык адам Кыргызстанда орун-очок алган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Бөтөн жерге келгендер үй салып, азыркы Бишкек шаарынын аймагында курулуш иштерин баштаган

Бөтөн жерге келгендер үй салып, азыркы Бишкек шаарынын аймагында курулуш иштерин баштаган - Sputnik Кыргызстан
5/20

Бөтөн жерге келгендер үй салып, азыркы Бишкек шаарынын аймагында курулуш иштерин баштаган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Фрунзе базарына келген интергельпочулар. Иш билги чет элдиктер бат эле жергиликтүүлөргө аралашып кеткен

Фрунзе базарына келген интергельпочулар. Иш билги чет элдиктер бат эле жергиликтүүлөргө аралашып кеткен - Sputnik Кыргызстан
6/20

Фрунзе базарына келген интергельпочулар. Иш билги чет элдиктер бат эле жергиликтүүлөргө аралашып кеткен

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Чехословакиядан келип трибунада сөз сүйлөгөн интергельпочулар

Чехословакиядан келип трибунада сөз сүйлөгөн интергельпочулар - Sputnik Кыргызстан
7/20

Чехословакиядан келип трибунада сөз сүйлөгөн интергельпочулар

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Алар поезд менен бир ай жол жүрүп, Пишпек станциясына түшкөн

Алар поезд менен бир ай жол жүрүп, Пишпек станциясына түшкөн - Sputnik Кыргызстан
8/20

Алар поезд менен бир ай жол жүрүп, Пишпек станциясына түшкөн

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Сырттан келгендер ээн талаага үйлөрдү, ишканаларды өздөрү салып, борбор калааны индустриялаштырууну баштаган

Сырттан келгендер ээн талаага үйлөрдү, ишканаларды өздөрү салып, борбор калааны индустриялаштырууну баштаган - Sputnik Кыргызстан
9/20

Сырттан келгендер ээн талаага үйлөрдү, ишканаларды өздөрү салып, борбор калааны индустриялаштырууну баштаган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Күжүрмөн чет элдиктер алгачкы жылы эле механикалык жана столярдык устакана, тери иштеткен завод, электростанция, тактай тилген ишкананы ишке киргизген

Күжүрмөн чет элдиктер алгачкы жылы эле механикалык жана столярдык устакана, тери иштеткен завод, электростанция, тактай тилген ишкананы ишке киргизген - Sputnik Кыргызстан
10/20

Күжүрмөн чет элдиктер алгачкы жылы эле механикалык жана столярдык устакана, тери иштеткен завод, электростанция, тактай тилген ишкананы ишке киргизген

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Интергельпочулар ачкан ишканаларда жаңы жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү тургундар арасында окутуулар уюштурулган

Интергельпочулар ачкан ишканаларда жаңы жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү тургундар арасында окутуулар уюштурулган - Sputnik Кыргызстан
11/20

Интергельпочулар ачкан ишканаларда жаңы жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү тургундар арасында окутуулар уюштурулган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Сырттан келгендер республиканын өнөр жайына чыйыр салган

Сырттан келгендер республиканын өнөр жайына чыйыр салган - Sputnik Кыргызстан
12/20

Сырттан келгендер республиканын өнөр жайына чыйыр салган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Интергельпочулар керектүү жабдуу, техникаларды өз акчасына Европадан жүктөй келген

Интергельпочулар керектүү жабдуу, техникаларды өз акчасына Европадан жүктөй келген - Sputnik Кыргызстан
13/20

Интергельпочулар керектүү жабдуу, техникаларды өз акчасына Европадан жүктөй келген

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Чехословакиялыктар үй-бүлө, бала-бакырасы менен келип Кыргызстанда орун-очок алган

Чехословакиялыктар үй-бүлө, бала-бакырасы менен келип Кыргызстанда орун-очок алган - Sputnik Кыргызстан
14/20

Чехословакиялыктар үй-бүлө, бала-бакырасы менен келип Кыргызстанда орун-очок алган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

“Интергельпо” кооперативинин ишке киргизген ишканалары кийин чоң завод, фабрикаларга айланган

“Интергельпо” кооперативинин ишке киргизген ишканалары кийин чоң завод, фабрикаларга айланган - Sputnik Кыргызстан
15/20

“Интергельпо” кооперативинин ишке киргизген ишканалары кийин чоң завод, фабрикаларга айланган

© Фото / Государственный исторический музей КР

Интергельпочулар Фр. Гулиш, К. Модель, Войтех Шоуш, Алексий Голан, Гавлицкий ипподромду салгандан кийин .1927-жыл, Фрунзе

Интергельпочулар Фр. Гулиш, К. Модель, Войтех Шоуш, Алексий Голан, Гавлицкий ипподромду салгандан кийин .1927-жыл, Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
16/20

Интергельпочулар Фр. Гулиш, К. Модель, Войтех Шоуш, Алексий Голан, Гавлицкий ипподромду салгандан кийин .1927-жыл, Фрунзе

© Фото / Государственный исторический музей КР

Атактуу чех журналисти Юлиус Фучик (ортодо) интергельпочулар менен маектешип жаткан учур. 1930-жыл, Фрунзе

Атактуу чех журналисти Юлиус Фучик (ортодо) интергельпочулар менен маектешип жаткан учур. 1930-жыл, Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
17/20

Атактуу чех журналисти Юлиус Фучик (ортодо) интергельпочулар менен маектешип жаткан учур. 1930-жыл, Фрунзе

© Sputnik / РИА Новости

Чехословакиялык коммунист, журналист Юлиус Фучик Фрунзе шаарына келген интергельпочулар менен. 1930-жыл

Чехословакиялык коммунист, журналист Юлиус Фучик Фрунзе шаарына келген интергельпочулар менен. 1930-жыл - Sputnik Кыргызстан
18/20

Чехословакиялык коммунист, журналист Юлиус Фучик Фрунзе шаарына келген интергельпочулар менен. 1930-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Интергельпо" кооперативинин жетекчиси Рудольф Маречек жергиликтүү бийлик өкүлү менен

"Интергельпо" кооперативинин жетекчиси Рудольф Маречек жергиликтүү бийлик өкүлү менен - Sputnik Кыргызстан
19/20

"Интергельпо" кооперативинин жетекчиси Рудольф Маречек жергиликтүү бийлик өкүлү менен

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Баса, интергельпочулар убагында Кыргызстанда альпинизмге да чыйыр салган

Баса, интергельпочулар убагында Кыргызстанда альпинизмге да чыйыр салган - Sputnik Кыргызстан
20/20

Баса, интергельпочулар убагында Кыргызстанда альпинизмге да чыйыр салган

По теме:
Кокту-колот, талаа-түздө иштеген кыргызстандык геологдор. Архивдик сүрөттөр
Жаалданган эл, Акаевди бийликтен кетирген ыңкылап. 24-марттагы окуянын сүрөттөрү
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0