Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Чотбаев: Украинадагы согушка АКШ жана анын эсебинен жашагандар күнөөлүү

© Sputnik / Жантай МакеновАфган согушунун ардагерлери коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
Афган согушунун ардагерлери коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
Генерал советтик жоокердин барк-баасын түшүрүүгө, ролун төмөндөтүү аракеттерине каршы экендигин билдирди.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Украинадагы согушка АКШ жана алардын эсебинен жан баккандар күнөөлүү. Бул тууралуу Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы "Өлбөс полк" жүрүшү быйыл Кыргызстанда кандай өтөт?" деп аталган брифингге катышкан.
"Украинадагы согуш эмнеден башталды? Америка жана алар кардын тойгузган Европанын көп өлкөлөрү менен НАТОнун мүчөлөрү өзүнүн максатын көздөп жатышат", — деди Чотбаев.
Ал тууганы Канадада мектепте жана жогорку окуу жайында билим алгандыгын, андан соң Россияга көчүп келгендигин билдирди.
"Тууганым Канададагы мектептерде бардыгы менен талашып-тартышкандыгын айтып берди. Алар Улуу Ата мекендик согушта америкалыктар, англиялыктар жана канадалыктар жеңген деп Советтер Союзу туурасында ооз ачпайт экен", — деди генерал-полковник.
Чотбаевдин айтымына караганда, мурда отставкадагы офицерлер, Афганстан, Баткен согушунун катышуучулары менен мектептерге барып турушчу. Балдарга Баткендеги окуялар, Советтик армия жана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү туурасында айтып беришчү.
Генерал ошондой жолугушуулардын биринде бир окуяны эстеп калгандыгын эскерди. Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомбаны ким таштаганы боюнча суроого балдардын бири "СССР жасаган" деп жооп берген.
"Биздин окуучу ошентип ойлоп жатат. Ал эми Америкадагы, Европадагы, ошол эле Украинадагы жаш муундарды кантип тарбиялап жаткандыгын элестетсеңиз. Тарыхты бурмалашып, баарын тескери көрсөтүп келишет. Советтик жоокердин ролун төмөндөтүүнү каалашат. Менин түшүнүгүмдө советтик жоокер — кыргыздар, орустар, өзбектер, украиналыктар, тагыраагы, Мекенди коргогондор. Андыктан советтик жоокердин ролу жана мааниси эч качан ылдыйлабашы керек, жаш муундарды туура тарбиялоо зарыл", — деди Чотбаев.
Тарых илимдеринин кандидаты, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун ага окутуучусу Саламат Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Радио
Малабаев: панфиловчулардын эрдигине немец аскер башчысы баа берген
Жаңылыктар түрмөгү
0