Бишкектеги Октябрь районунун акими алмашты

Жаныбек Орозалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунун акими алмашканын мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, Азамат Дороев иштен өз каалоосу менен кетти. Ал бул кызматты 2022-жылдын март айынан бери аркалап келген. Дороев ушул эле районду 2020-жылы да башкарган.
© Sputnik / Асель СыдыковаАзамат Дороев
Руководитель аппарата Октябрьского административного района Азамат Дороев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Азамат Дороев
Жаныбек Орозалиев Октябрь райадминистрациясынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Ал 2021-жылы Соцфондду жетектеп турган. Ага чейин ушул эле ведомстводо эмгектенген.
Жети-Өгүздүн акими Мураталы Тагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Мураталы Тагаев Жети-Өгүздөн кетип, Бишкектин Ленин районуна аким болду
Жаңылыктар түрмөгү
0