Мураталы Тагаев Жети-Өгүздөн кетип, Бишкектин Ленин районуна аким болду

© Фото / пресс-служба горкенеша Жалал-АбадаЖети-Өгүздүн акими Мураталы Тагаев. Архив
Жети-Өгүздүн акими Мураталы Тагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Жазылуу
Тагаев мурда Жалал-Абад шаарын эки жылдан ашуун башкарган.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими болуп 2022-жылдын мартынан бери иштеп жаткан. Аны бүгүн, 31-мартта, президент Садыр Жапаров өз арызынын негизинде жумуштан бошоткон эле.
Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп (2018-2020-жылдары) эмгектенип жүрүп, Октябрь окуясындагы башаламандык маалында кызматынан бошогон. Андан мурунку жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы болуп иштеген.
Белгилей кетсек, буга чейин Ленин районун Русланбек Тагаев жетектеп турган, ал жакында эле өз арызы менен иштен кеткен.
Бишкек асфальт сервис муниципалдык ишканасын директору Турусбек Түмөнбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
"Унаадан" чуу менен кеткен президенттин кудасы Түмөнбаев жаңы кызматка дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0