Билим берүү мекемелеринде англис тилинин бир айлыгы өтүп жатат

© AP Photo / Hussein MallaАнглис алфавити. Архив
Англис алфавити. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — окуучулардын англис тилине кызыгуусун арттыруу.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинен республиканын бардык билим берүү уюмдарында "Англис тилинин бир айлыгы" жарыялангандыгын кабарлашты.
Иш-чаранын максаты — окуучулардын англис тилине кызыгуусун арттыруу. Ал кечээ, 6-февралда, башталды.
Министрликтен билдиришкендей, бир айлыктын алкагында билим берүү мекемелеринде англис тилине багытталган түрдүү иш-чараларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды өткөрүү пландалууда. Мындан тышкары, англис тилинин дүйнөдөгү орду тууралуу ачык сабактар болот.
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Радио
"Мектеп агайларга муктаж" демилгесинин башкы максаты айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0