Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Кескин чара". АКШ Украина үчүн аргасыз кадамга барабы?

© Фото / U.S. Army Security Assistance CommandАмерикалык Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив
Америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
CNN телеканалы өз булактарына таянуу менен америкалык бийлик Украинаны Patriot зениттик-ракеталык комплекстери менен камсыздай турганын маалымдады. Буга дейре Ак үй андай жардамдашууга батынган эмес.
Мындай курал согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртө алабы? Давид Нармания ушундай суроонун тегерегинде ой учугун чубаган. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланды.

Жабык асман

Ноябрда эле Пентагон Киевге Patriot зениттик-ракеталык комплекстерин жөнөтпөй турганын билдирген. Эми америкалык аскердик мекемеден "азырынча жарыялай турганга эч нерсе жок" дешти. Телеканал мындай чечим АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана президент Жо Байден тарабынан жактырылууга тийиш.
Киевди абадан коргонуу тутумдары менен жабдый турганын Франция да жарыялады. Анткен менен өлкөнүн тышкы иштер министри Катрин Колонна кеп дал эмне туурасында экенин тактаган жок. Бирок ноябрдын аягында Украина Куралдуу күчтөрү Парижден эки Crotale зениттик-ракеталык комплексин алганы маалым болгон. Вашингтонго болгон жакындагы эле иш сапарында Эммануэль Макрон Украинаны мындан ары да колдой турганын Байденге убада кылган.

"Кымбатка түшөт"

Британиялык Jane"s аскер порталы кеп ар бири сегиз ракеталуу төрт ок атуучу түзүлүштөн турган Patriot PAC-3 батареясы туурасында экенин жазып чыкты. Ага командалык пункт, радиолокациялык станция жана кубаттоочу машиналар тиркелет. PAC-3 — кыйла заманбап модификация, бирок ал да куралданууга 2001-жылы алынган. Бир ок атуу менен учакты кыйратуу ыктымалдыгы 80-90 пайызды, ал эми тактикалык ракета менен бул көрсөткүч 60-80 пайызды түзөт.
"Батыш мындай жол менен россиялык соккулардан көп жоготууга учураган Украинанын энергетикалык тутумун коргоп калууга тырышууда", — деп боолголойт РФ Аскер илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Владимир Козин. Анан да ал Люблянскидеги окуядан соң Польшаны "Пэтриоттар" менен куралдандырышканын эске салды. Албетте, бул комплекс менен чыңдоо кыйла чоң иш. Бирок наркы өңдүү бир топ маселе да жок эмес.
Америкалык Patriot комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык Patriot комплекстери украиналык күчтөргө көмөкчү боло алабы? Сереп
Ал тургай эски PAC-2 батареясы да миллиард доллар, ал эми ар бир ракета миллион доллар турат. 2017-жылы бул америкалык басма сөздө катуу талкууга алынган. АКШ армиясынын ассоциациясынын съездинде генерал Дэвид Перкинс "жакын союздаштардын бири" тарабынан бул түзүлүштөрдү колдонуу тажрыйбасын айтып берген. "Алар "Амазондо" 200 долларга сатылган квадрокоптерди, дронду талкалаган. Албетте, үч миллион турган Patriot жана анын ракеталарына алар каршылык көрсөтө алышпайт эле. Бирок экономикалык жактан бул акылга сыйбайт", — деп кыжырданган офицер.

Кошумча машакаттар

Отставкадагы генерал Марк Хертлинг Patriot зениттик-ракеталык комплексин тейлөөчү персоналды даярдоо өтө көп убакыт талап кылат.
"Эгер узакка созулган жана жашыруун жүргөн окутуу болбосо, зениттик-ракеталык комплекс согуш талаасына баары бир чыкпайт. Буга бир нече ай кетет", — деп жазган ал Twitter баракчасында. Ошондой эле комплексти башкаруу үчүн "үч кишиден турган" команда жетери жөнүндө басма сөздө кайра-кайра жазылган маалыматтарды да төгүндөдү.
"Үч адам тескөөчү пультта отурат, — деп тактайт аскер кызматкери. — Ал эми баары ойдогудай иштеши үчүн абадан коргонуу тутумунун мыкты даярдыктан өткөн он чакты жоокери зарыл".

Фронтко пайдасы тиеби?

Эксперттер Украинадагы айрым объектилерди коргойт. Бирок Киевдегилер каалагандай асманды толук бүтөй албайт.
"Бериле турган комплекстин санына караганда, бул кыязы Батыштын чечкиндүүлүгүн айгинелеген саясий кадам экенин айтууга болот", — деп түшүндүрөт РФтин Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана геосаясат боюнча эксперт Константин Соколов.
Америкалык зениттик-ракеталык комплекстер техникалык параметрлери С-300дүн мүнөздөмөлөрүнө жакын. Ал эми биздин күчтөр мындай тутумдарга каршы тура алат", — деп кошумчалайт ал. Бирок айырмачылыктарын иш жүзүндө тааныган оң. Россиялык абадан коргонуу тутуму Батышта макталып, ал эми Киевде "жеңиш куралы" атыккан HIMARS куралына да ыңгайлаша алары маалым.
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин даярдады
Жаңылыктар түрмөгү
0